Биз менен байланышыңыз

Жумабеков: Кытайлар бутту түздөө, бой өстүрүү операцияларыма кызыгышты

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Янв 2020 | 1782 | 0

Ортопед-травматолог Сабырбек Жумабековдун 2 түрдүү операциясы кытайлыктарды кызыктырды. Бул тууралуу ал өзү “Марал” радиосуна берген маегинде айтты. Анын биринчиси — кыйшайган буттарды түздөө болсо, экинчиси — бой өстүрүү.

-Буту кыйшык кыздар боюнча атайын долбоорум бар. 500 операция жасагам. Ошону көрсөткөнүмдө кытайлар дүркүрөп кол чаап ийишти. Көрсө, ал жакта буту кыйшык кыздар көп экен. Экинчиден, бой өстүрүү боюнча операцияга кызыгышты. Ушул боюнча атайын презентация кылганымда дагы бир жолу кол чабышты. Ушул эки багытка кытайлыктар аябай кызыгып калышты.

Бул 2 тармак боюнча Кытай Кыргызстандан артта калганын да кошумчалады. Жай айларында Сабырбек Жумабеков окуучулары менен барып, ушул 2 багытта операция жасап баштай турганын да белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM