Биз менен байланышыңыз

Трамптын импичменти: баары бүгүн чечилиши мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Янв 2020 | 597 | 0

31-январда АКШ президенти Дональд Трампка импичмент жарыялоо иши каралып жаткан Сенатта жаңы документтер менен жаңы күбөлөрдү кабыл алар-албасы аныкталат.

Республикачылар буга каршы болууда. Демократтар колдойт, бирок аларга 4 сенат-республикачылдын колдоосу керек. Учурда үчөөсү макул, бирок төртүнчү – Ламар Александр кайрадан жаңы күбөлөрдү угууга каршы экендигин билдирген. Маселе жакынкы сааттарда каралмакчы.

Эгерде жаңы күбөлөрдү угуу чечими чыкса, импичмент процесси дагы созулушу күтүлөт. Эгерде күбөлөр чакырылбаса, Трамп келерки жумада акталып чыгышы толук ыктымал.

Учурда Трампка 2 айып коюлууда. Биринчиси – кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу болсо, экинчиси – Трамптын өзүнүн ишмердүүлүгүнө иликтөө жүргүзүүгө тоскоолдук жаратуусу.

Импичмент жарыялоо демилгеси− Трампка болгон ишенбөөчүлүк− анын Украина президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу болгон маегинен соң башталган.

Демократтар Дональд Трамп 2020-жылдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетүү үчүн учурдагы кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганын айтууда.

Ал башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден жана анын уулу Хантердин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандыруу менен, шайлоо иштерине Украинаны аралаштырууга аракет кылганын айтып, демократтар Трампты «чыккынчылык кылды» деп айыптоодо.

Трамп өзү буга байланыштуу терс пикирдеги дооматтардын баарын четке кагып келет.

Copyright © 2017 Maral FM