Биз менен байланышыңыз

Жаңы вирусту жугузгандар 6 миңге жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Янв 2020 | 757 | 0

Соңку бир суткада Кытайдагы коронавирустун жаңы түрүнөн дагы 26 адам каза болду. Ал эми вирусту жугузгандардын жалпы саны 5 миң 974тү түзүүдө. Бул расмий Кытайдын маалыматы.

Вирус жайыла баштагандан тартып жалпы 132 адам көз жумду. Анын 125и илдеттин очогу болгон Хубэй провинциясында катталды.

Алгачкы вирус катталган Хубэйдин борбору Ухань шаарында ийгиликтүү эмделген 103 бейтаптын абалы жакшырып, ооруканадан чыгарылды.

Кытай басылмасы белгилегендей, өпкө ооруусунун жаңы түрүн жугузгандардын саны 2003-жылы катталган ажалдуу вирустан (SARS) ашып өттү.

Расмий маалымат боюнча, 2002-жылдын соңунан тарта 2003-жылдын 16-августуна чейинки аралыкта Кытайдын бир бөлүгүндө 5 миң 327 бейтап атипиялык пневмонияга кабылып, анын 4 миң 959у айыкса, 349у каза болгон.


Коронавирустун жаңы түрүнөн кантип сактаныш керек?


2019-нКоВ аталышындагы коронавирустун жаңы түрү алгач декабрь айында, Кытайдын Ухань шаарында байкалган. Учурда илдетти жугузгандар менен мамиле түзгөн 44132 адам көзөмөлгө алынган.


Түркияда 12 адам коронавируска шектелип ооруканага түштү

Copyright © 2017 Maral FM