Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Соцтармактар аркылуу жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартылат

Кыска кабар | 23 Янв 2020 | 549 | 0

Акыркы убактарда WhatsApp мессенджеринде жана башка социалдык тармактар аркылуу жалган маалыматтарды жайылткан учурлар көп кездешүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мекеме кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Ошондой эле, жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына 102 кызматы аркылуу маалымдап коюуну суранат.

Кыргыз Республикасынын Мыйзамын билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.

 

Copyright © 2017 Maral FM