Биз менен байланышыңыз

Сотторго эл ишеними арта элек

Саясат | 20 Янв 2020 | 1057 | 0

2019-жылы 15 миң 305 кайрылуу кат президенттин аппаратына келген. Келген каттардын 42,5%ы сот жана укук коргоо органдарынын ишине байланыштуу жазылган. Алардын арасында прокуратура, ички иштер органдарына, финансы полициясына жана жаза аткаруу кызматкерлеринин үстүнөн түшкөн арыз-даттануулар да бар. Бирок өлкө башчы такка отургандан бери коомчулуктун алдында сот жана укук коргоо органдарынын ишин кылдат карап, өз көзөмөлүнө алары тууралуу берген  убадалары бар эле. Бүгүнкү күндө коомчулуктун сотторго жана укук коргоочуларга болгон ишеними канчалык? Төмөндөгү материалдан эксперттердин баасына ортоктош болуңуздар.

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча 15 миң 305 кайрылуу келип, алардын басымдуу бөлүгү сот жана укук коргоо органдарынын дарегине байланыштуу сын-пикирлер болгон. Деги эле учурда аталган органдар кандай иштеп жатат? Өз максатына жетип, элдин ишеничин актадыбы? деген суроолорго жооп издедик.

Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулованын пикиринде, укук коргоо органдары жана сотторго элдин ишеними мурун эле жок болчу, азыр деле ишенимге ээ болуп кеткен жери жок. Президент тапшырмаларды берип, пландарды коюп жатат, бирок алсыз кадрлардын айынан аталган органдардын иши өз максатына жетпей жатат деген ойдо:

-Сот жана укук коргоо органдарын ишмердүүлүгүн кароо президенттин ыйгарым укугуна кирбейт. Албетте, тапшырма берип, көзөмөлгө алса болот. Бирок андан эч кандай тыянак чыкпай жатат. Анткени бизде кадр саясаты абдан алсыз. Ошон үчүн мыкты көрсөткүчтү берүү үчүн күчтүү кадрлар керек. Болгону ушул саясатты өзгөртсөк, албетте, эл да ишеним көрсөтө баштамак. Мурун деле сотторго, укук коргоо органдарына ишеним жок болчу. Азыр деле укмуш болуп кеткен жок.

УКМК: Ири өлчөмдө пара алууга шектелип сот кызматкери кармалды

Мыйзам бузган, коррупцияга колун малган органдарга жаза жетишерлик деңгээлде болбой жатат. Мындай ойду жарандык активист Семетей Талас уулу айтып, эгерде жеке кызыкчылык мындан да өсө берсе, коомчулуктун сот жана укук коргоо органдарына болгон ишеничи таптакыр жоголорунан күмөнү жок. Айыппул же сөгүш менен чектелбей, ар бир кызматкер тиешелүү жазасын алып, кызматтан кетсе, башкаларына сабак болуп жыйынтык байкалмак дейт активист:

-ММКлар көптөгөн  үйрөйдү учурган окуяларды чагылдырып жатышат. Эгерде бул нерсени кызматтан алуу менен жана башка катуу жаза менен жазалаганыбызда эч кандай проблема жаралбайт эле. Жок. Тилекке каршы, бизде андай болбой жатат. Ууру же коррупционер алчусун алып, жечүсүн жеп коюп, качып же эркиндикте жүрөт. Миллиондорду жегендер деле эч нерсе болбогондой басып жүрүшөт. Кантип анан сот жана укук коргоо органдарына ишеним пайда болсун? Менин пикиримде, паракорчулук менен жана башка сатылган сот жана укук коргоочуларды кызматынан алып койсунчу, беркилери сестене калып, көп иштерге барбай калышмак.

Президентке сот жана укук коргоо органдарынын ишине байланыштуу келип түшкөн каттар жеке адамдардын ишине байланыштуу болгондуктан, келген каттардын көлөмүнө чочулоонун кажети жок. Эл нааразы болгону менен реформа жүрүп, жаңы мыйзамдар ишке кирип жатат дейт саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев. Ал кемчиликтер болгону менен, аларды бир күндө же бир жылда оңдоп салуу оңой-олтоң иш эместигин белгиледи:

-Президентке келип түшкөн каттар бул логикалык жактан деле туура. Ал эми көлөмү тууралуу айтсам, өлкө башчыга ар бир экинчи адамдын каты бара бербейт да. Бирок бул жерде экинчи маселени да эске алышыбыз керек да. Дегеним, кат жазган адам өзүнө тиешелүү маселе чечилбей калса деле жазып коюшу мүмкүн. Эгерде жалпылап карап көрө турган болсок, сот, укук коргоо, жаза аткаруу органдарында реформа жүрүп жатат. Ал нерсеге убакыт керек. Кадрлар алмашып, жаңы мыйзамдар күчүнө кириши керек.

Коомдук укук коргоочу: Президентке 105 жолу кайрылуу кат жиберип, бири да жеткен жок

Бишкек шаарынын тургундары сот жана укук коргоо органдарынын ишине жана аларга болгон ишеничи канчалык экенине да кызыгып көрдүк:

Мен, албетте, ишенем. Ишенген үчүн өлкөдө стабилдүүлүк орноп жатат да.

-Мен жана менин туугандарым сотко кайрылып көргөн эмес. Ишеним бар болгон үчүн алар иштеп жатышат го деп ойлойм.

-Ишеним эчак эле жок болгон. Тоок уурдаганы деле, адам уурдаганы деле бирдей жаза алып, бирдей мөөнөттө түрмөдө отурат. Болбойт да мындай.

-Кыргызстанда көп нерсе реформа болуп жатат. Менин оюмча, убакыт керек. Баары иргелет бир күнү. Ишеним бар менде.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 2-ноябрында президент Сооронбай Жээнбеков ММКнын жетекчилери жана чет элдик ММКнын корреспонденттери менен жолугушуу учурунда, сот реформасы боюнча иштеп жаткан жумушчу топко эксперттерди, тажрыйбасы көп адистерди тартып жатканын айткан эле. Ошондой эле реформаны жүзөгө ашырууга катуу талаптар коюлуп, эч кимди аябай тургандыгын айтып, аталган процессти жеке өзүнүн көзөмөлүнө аларын белгилеген. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкө башчыга келген каттардын 42,2%ы сот жана укук коргоо органдарынын ишине байланыштуу болду.

Copyright © 2017 Maral FM