Биз менен байланышыңыз

УКМК: Ири өлчөмдө пара алууга шектелип сот кызматкери кармалды

Кыска кабар | 13 Дек 2019 | 961 | 0

15-октябрда Башкы прокуратурага түшкөн материалдардын негизинде, УКМК тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жогорку сотко караштуу Соттук департаментинин ресурстар башкармалыгынын башчысы  “А.А.” ири өлчөмдөгү пара талап кылгандыгы катталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Такталгандай, “А.А.” Соттук департаменттин кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, жооопкерчилиги чектелген коомдун жетекчиси “С.Г.” аттуу адамдан райондук соттордун биринин административдук имаратын капиталдык ремонт кылуудагы тендерде утуу маселесин оңунан чечип берүү үчүн 3 млн сом өлчөмүндө пара алган.

11-декабрда ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө “А.А.” УКМКнын Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM