Биз менен байланышыңыз

Коомдук укук коргоочу: Президентке 105 жолу кайрылуу кат жиберип, бири да жеткен жок

Кыска кабар | 24 Окт 2019 | 1346 | 0

«Мен буга чейин да 5 жыл бою мурунку өлкө башчысына, анан Сизге да 105 жолу кайрылуу каттарын жиберип, бирок президенттик аппараттагы айрым чиновниктер тарабынан ал каттар Сизге жеткен эмес. Ошондой эле ал чиновниктер биздин өтүнүчтөрүбүздүн ушул күнгө чейин аткарылбай келишине себепкер болушту».

Мындай пикирин Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу, коомдук укук коргоочу Шарап Абдыкадыров Президентке жазган кайрылуусунда билдирген.

Ал Президент Сооронбай Жээнбековго болгон кайрылуусунда төмөнкү маселелерди чечип берүүнү суранган:

  • Кадыржан Батыровдун мамлекетке өткөн мүлкүн уурдап-жегендерди жоопко тарттыруу жана мамлекеттин эсебине төлөтүп алуу;
  • Жалал-Абад областтык жана шаардык прокуратураларынын, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн ишин мыйзамдуу, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгына иштей тургандай кылып, тартипке салуу;
  • Башкы прокурордун 1-орун басары Нурлан Дардановдун кызматтык аракеттерине баа берүү.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM