Биз менен байланышыңыз

Президент Аскар Сыдыков менен кризистик мезгилдеги бизнестин ролун талкуулады

Кыска кабар | 22 мая 2020 | 618 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-майда, Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору, Өнөржайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Аскар Сыдыков менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы бардык мамлекеттик стратегиялык документтерде негизги багыттар катары ишкерликти колдоо жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү көрсөтүлгөндүгүн белгиледи.

Ишкердик жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртуу жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун көтөрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен кошо бир катар системалуу көйгөйлөр болуп жатканын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков буга байланыштуу мамлекеттик органдар менен бизнестин ортосундагы конструктивдүү диалогду күчөтүүнүн маанисин белгиледи.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков Өнөржайды өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынгандыгын, жеңил өнөржайы үчүн жеңилдиктер түзүлгөнүн, жакын арада укук коргоо органдарынын ишкерлерге кошумча төлөмдөрдү салууга түрткү берген Өкмөттүн токтому жокко чыгарылаарын жана башка иштер жасалганын белгиледи.

Бир жылга жетпеген убакта экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү жана ишкерлердин көйгөйлүү маселелерин чечүү боюнча жалпы жонунан 152 сунуш иштелип чыккандыгын белгиледи.

Аскар Сыдыков ошондой эле Башкы прокуратуранын түзүмүндө ишкерлер менен иштөө боюнча атайын бөлүмдү түзүү бизнес өкүлдөрүнөн жакшы пикирлерге ээ болгонун билдирди.

Ошондой эле Аскар Сыдыков түзүлгөн кризистик кырдаалга карабастан, ата мекендик экономикада айыл чарба, энергетика, тоо-кен өнөржайы жана башка чөйрөлөргө инвестиция тартуу боюнча көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM