Биз менен байланышыңыз

Президент 2024-жылы өлкө боюнча таза суу маселеси чечилерине ишендирип өттү

Кыска кабар | 10 Мар 2020 | 547 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-мартта Баткен обулусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында «Баткен шаарын таза суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоорун иш жүзүнө ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын көмөгү менен аткарылып жатат.

Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Көкүмбек Таштаналиев бардык зарыл болгон курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын август айында бүткөрүлөөрүн маалымдады.

Баткен шаарында «Таза суу» муниципалдык ишканасынын жаңы имараты курулуп, керектүү техникалар менен жабдуулар алынган, жаңы канализациялык тутумдардын курулушу аяктоо алдында турат.

Бүгүнкү күндө Баткен шаары таза суу менен 60% камсыздалды. Долбоордун жыйынтыгында шаардын таза суу менен камсыздалышы 98% жогорулайт.

Мамлекет башчысы 2024-жылдын соңуна чейин жалпы өлкө боюнча калкты таза суу менен камсыздоо маселеси этап-этабы менен чечилерине ишендирип өттү.

Президент жергиликтүү бийлик менен мамлекеттик тармактык органдарды аталган багытты өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жигердүү кызматташууну улантууга чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM