Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Ташкентке барды

Кыска кабар , Саясат | 2 мая 2024 | 490 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Өзбекстандын  борбору Ташкент шаарына барды.

Акылбек Жапаровду Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропорттон Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.

Жумуш сапарынын алкагында Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын 11 жыйынына жана Ташкент эл аралык III инвестициялык форумга катышаары күтүлүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө эки таратын жолугушуулары өткөрүлүп, энергетика, курулуш компанияларынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы менен биргеликте министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Муратбек Азымбакиев, энергетика министри Таалайбек Ибраев жана  бир катар министрлердин орун басарлары, агенттиктин жетекчилери делегациянын курамында.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM