Биз менен байланышыңыз

Президент: Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы жогорку деңгээлде өтөт

Кыска кабар | 11 Мар 2020 | 1115 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 1990-жылы Исфана шаарында ачылган  мемориалдык үй-музейине барды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы музейдин экспонаттарын көрүп чыгып, меймандар китебинде кол жазмасын калтырды.

Президент Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдө жана социалдык-экономикалык өнүгүшүндө Исхак Раззаковдун өзгөчө ордун белгилеп, Раззаковдун 110 жылдыгы жогорку деңгээлде өткөрүлө тургандыгын айтты.

Эске салсак, ушул жылдын январь айында мамлекет башчысы «Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Өлкөнүн Өкмөтү тарабынан мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM