Биз менен байланышыңыз

Раззаковдун 110 жылдыгын майрамдоо иш-чарасын кимдер уюштурат?

Кыска кабар | 18 Янв 2020 | 861 | 0

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппарат кызматы билдирди.

Уюштуруу комитетинин төрагасы болуп биринчи вице-премьер-министр бекитилди.

Ал эми уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары катары Мамлекеттик кадр кызматынын директору жана Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү бекитилди.

Уюштуруу комитетине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылды.

Комитетти тийиштүү жактан камсыздоо Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жүктөлгөн. Уюштуруу иштери үчүн республикалык бюджеттен керектүү каражат бөлүнмөкчү.


Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын майрамдоо жөнүндө жарлыкка кол коюлду

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM