Биз менен байланышыңыз

Баткен: Исфана шаарында сел жүрдү (сүрөт)

Кыска кабар | 2 мая 2020 | 1619 | 0

Бүгүн, 2-май күнү саат 18:30 чамасында алдын ала алынган маалыматка ылайык Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарында жаап өткөн мөндүрдүн кесепетинен, Восточный көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн короолорун суу каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине саат 19:00дө ӨКМдин Лейлек райондук бөлүмүнөн 3 кызматкер чыгып кеткен.

Министр Замирбек Аскаровдун тапшырмасы менен Лейлек районуна министрдин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ жөнөп кетти. Министр абалды жеке көзөмөлүнө алды.

Эскерте кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров ӨКМдин негизги милдети болгон жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу жумуштарын токтоосуз түрдө жүргүзүлүүгө тийиш экендигин тиешелүү жетекчилерге эскерткен. Ал эми Кыргызгидромет сел жүрүү коркунучу тууралуу шашылыш билдирүү тараткан.

Кошумча маалымат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM