Биз менен байланышыңыз

Кыргыз- тажик топографиялык жумушчу топтору биргелешкен жолугушуу өткөрөт

Кыска кабар | 23 Янв 2020 | 672 | 0

Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топтору биргелешкен жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Бул максатта Тажикстандын делегациясы иш сапар менен Бишкекке келди.

Белгилей кетсек, эки өлкөнүн топографиялык топторуна 2020-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Кыргызстандын Баткен облусундагы Баткен району менен Тажикстандын Исфара шаарынын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу боюнча макулдашылган варианттарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.

Copyright © 2017 Maral FM