Биз менен байланышыңыз

Айыппулдарды кабыл алуу убактылуу токтотулду

Кыска кабар | 18 Янв 2020 | 646 | 0

Техникалык себептерден улам жол эрежесин бузуулар боюнча айыптарды кабыл алуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков жакында кол койгон жол эрежесин бузгандардын айып өлчөмүн төмөндөтүү боюнча мыйзамга байланыштуу «Коопсуз шаар» долбоорунун техникалык адистери төлөм кабыл алуу эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө.

Ошон учүн, айыппулдарды төлөө убактылуу токтотулду. Төлөмдөрдү кабыл алуу 19-январда кайрадан жандандырылмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM