Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаар»: Айрым беренелер боюнча айып пулду азайтуу каралды

Коом , Экономика | 7 Апр 2021 | 3599 | 0

Өкмөт башчы Улукбек Марипов 3-апрелде «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу элге кайрылуу жасап, көптөгөн маселелерди айтып берген. Анын бири айып пулду азайтуу жагдайы эле. Тактап айтканда, премьер-министр өз сөзүндө «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жол эрежесин бузгандардын айып пулун төмөндөтүү боюнча токтом даярдалып жатканын маалымдаган.

«Азык-түлүк, күйүүчү май кымбаттап жатат. Биз муну туура кабыл алып, президенттин тапшырмасы менен жол эрежесин бузгандардын айып пулун азайтуу ишин жүргүзүп жатабыз. Азыр токтом долбоору даярдалууда. Жакынкы күндөрү Жогорку Кеңешке сунуш беребиз». 

Мындай кабарды айдоочулар кубануу менен кабыл алууда. Өзгөчө такси кызматында иштегендер үчүн бул жагымдуу жаңылык болду. Анткени бир күн кечке иштеген акчасын айып пулга карматып, өздөрүнө эчтеке артпай калган учурлар арбын.

«Коопсуз шаар» долбоору өз ишин 2019-жылдын 12-февралында Бишкек шаарында баштаган. Айып салуу 4-марттан тарта ишке кирген. 2021-жылдын 26-мартына чейин дээрлик 2 млн 239 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталган. Мындан мамлекеттик казынага 1 млрд 575 млн сом түшкөн. Ошол эле мезгилде айдоочулардын жолдо жүрүү маданияты да өзгөргөн.

Бишкек шаардык жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаевдин айтымында, учурдагы мыйзам боюнча эки берененин айып пулу азайган: 123-берене (айдоочулар белгиленген ылдамдыктан 20 чакырым сааттан жогору айдаган учурда); 123/1-берене (жол белгилери боюнча талаптар аткарылбай калган учурда).

«Учурда бул эки беренени бузган айдоочуга 1000 сомго чейин айып пул салынат. Эгер айдоочу айып пулду 15 күндүн ичинде төлөсө, акчанын өлчөмү 50% арзандайт. Ал эми өкмөт демилгеси боюнча айып пулдун суммасы өзгөрбөйт, бирок 15 күндүн ичинде төлөсө, 70% арзандатуу каралган». 

Эми премьер-министрдин тапшырмасынын негизинде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Экономика жана финансы министрлиги менен биргеликте комиссия түзүп, калган беренелер боюнча да айып пулдун суммасына өзгөртүү киргизүүнү иштеп чыгат.

Парламенттин жыйындарында айрым эреже бузуулар боюнча айып пулдун өлчөмүн азайтууну сунуштап, ал тургай бул жаатта мыйзам долбоорун даярдап келген эл өкүлү Марлен Маматалиев маселени премьер-министр менен жолугуп сүйлөшкөнүн, анда кээ бир беренелер боюнча айып пулду көбөйтүп, айрым беренелердеги айып пулду азайтуу маселесин карап чыгышканын айтып берди.

«Бул маселе боюнча премьер-министрге кирип чыккам, чогуу олтуруп талкуулаганбыз. Буга чейин мен айтып келген ичип алып айдагандардыкын эч качан түшүрбөйбүз, керек болсо жогорулатабыз. Кызыл күйгөндө өтүп кеткендердикин да, ошондой эле адам өлүмүнө алып келе турганчалык кооптуу айдагандардыкын да азайтпайбыз. Маселен, «Стоп линия» деген бар, ошону көп айдоочулар байкабай басып өтүп кетип калат. Мына ушуга окшогон майда байкоосуздуктардын айып пулун азайтуу боюнча оозеки макулдашып, анан ушул доолбор кирип жатат. Бирок алгач биз муну Жогорку Кеңеште карайбыз. Үч окууда тең карап, өзгөртүүлөрдү киргизебиз да, реалдуу кылып ишке ашырабыз». 

Ал арада Кытай компаниясы «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи фазасын ишке киргизгени турат. Доолбордун жалпы суммасы 2 млрд 654 млн сомду түзгөн. Келишим боюнча бул сумманы Кытай компаниясы 5 жыл ичинде кайтарып алат. Маалыматтарга караганда, ар бир жол эрежеси бузулганы тартылган сүрөттөн чет элдик компаниялардын капчыгына 110 сомдон түшүп турат.

Copyright © 2017 Maral FM