Биз менен байланышыңыз

Турусбеков: «Коопсуз шаар» өзүнчө эле бизнес болуп калды

Кыска кабар | 24 Дек 2020 | 996 | 0

Бүгүн, 24-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Турусбеков чоң жолдордогу туура эмес коюлган белгилерди айтып, Өкмөттү көңүл бурууга чакырды.

«Коопсуз шаар» деп коюп алдык, бул — өзүнчө эле бизнес болуп калды. Мына «Манас» аэропортуна баратканда, дегеле трассада жүргөндө, Ысык-Көл облусуна баратканда видеокамералар коюлган, бирок белгилери жок. Эл аралык талаптар менен коюлган эмес. Камерадан кийин эле дароо айып пул, бул деген бизнес болуп, айдоочулардан көп арыз түшүп жатат. Ошону эл аралык стандарт боюнча коюп берсе», — деди Турусбеков.

Мындан сырткары эл өкүлү, Бишкектеги «Флагшток-2ге» бара турган жолду салып, туристтик жай кылуу керектигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM