Биз менен байланышыңыз

Ачык Өкмөт форумунда “Коопсуз шаар” боюнча келишимди элге ачыктоо сунушталды

Кыска кабар | 17 Дек 2019 | 516 | 0

“Ачык Өкмөт” форумунда бүгүн “Коопсуз шаар” долбоору боюнча келишимди коомчулукка ачыктоо сунушталды. Мындай сунушту форумдун тең-төрагасы Бакытбек Сатыбеков киргизди. Ал өткөн отурумда форумдун мурдагы мүчөсү Рита Карасартова аталган келишимди коомчулукка жарыялоону сунуштаганын белгиледи.

Коомдогу акыркы окуялардан улам бул маселени алып чыгуу зарылчылыгы пайда болду. Долбоордун кандай тобокелчиликтери, системада кандай кемчиликтери бар экенин биз түшүнүп алышыбыз керек. Бул өзүнөн-өзү эле чыгып кете турган көйгөй. Жеке жашоодогу купуялуулук шардана болуп кеткенине коомчулукта нааразычылыктар пайда болууда. Эмне себептен камераларда тартылган сүрөттөр кокусунан эле коомчулукка жарыяланып кетип жатканын, эмне болуп жатканын биз аныктап чыгышыбыз зарыл, — деди Бакытбек Сатыбеков.

Ал ушундай эле тобокелчиликтер банк системасында да бар экенин кошумчалады.

Биз “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирди, жол кыймылына тартип орноду деп мактанып жатабыз, бул башаламандыкка алып келбейби? Рита Карасартованын туура айтканына мен азыр ынанып турам, “Коопсуз шаар” долбоору боюнча келишимди элге жарыялаш керек, — деди Бакытбек Сатыбеков.

Сатыбеков бардык стратегиялык маанилүү маселелер ар бир жаранга тиешелүү болгондуктан, алар ачык болушу зарыл деп эсептейт. Ал бул боюнча Грузиянын “Газпром” компаниясы менен түзгөн келишимди мисал келтирет.

— Грузияда табигый газга тариф киргизилип жатканда “Газпром” жең ичинен сүйлөшүүнү сунуштаган. Грузия Өкмөтү «Биз андайга бара албайбыз, эл нааразы болот, келгиле, ачык эле өткөрөлү» деген сөздү айтышкан. Ошондуктан азыр Грузияда газдын тарифи Кыргызстанга караганда төмөн, — деди Бакытбек Сатыбеков.

Copyright © 2017 Maral FM