Биз менен байланышыңыз

Өлүмү көп жол кырсыктары, өкмөттүн чаралары

Коом | 18 Июн 2021 | 1913 | 0

Кыргызстанда акыркы бир жумада 18 адам жол кырсыгынан каза таап, кырк эки адам ар кандай жаракат алган. Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол кырсыктары көбөйгөнүн билдирүүдө. Кырсыктын өсүшүнүн себеби эмнеде? Бул суроого алдыда кененирээк жооп издейбиз.  

Кыргызстанда жол кырсыктарынын саны өстү. Ушул жылдын январь айынан 15-июнуна чейин өлкө аймагында жалпы 3020 жол кырсыгы катталып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 45,5 %га өскөн. Өткөн жылы 2779 жол кырсыгы катталып, мурдагы жылга салыштырмалуу 35-40%га азайган. Буга бир жагынан пандемияга байланыштуу унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилгени себеп. Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Тилек Исаевдин айтымында, жол кырсыктарынын көбөйүшүнө жол эрежесин одоно бузуулар жана жогорку ылдамдык себеп болууда.

«Акыркы бир жума ичинде 20дан ашык жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 18 киши мерт болгон. Кырк эки киши ар кандай жаракат алып жабыркады. Жол кырсыктарынын статистикасына таяна кетсек, 2020-жылдын январь айынан 15-июнуна салыштырмалуу 45,5 %га өскөн. Былтыр аталган айларда 2779 жол кырсыгы катталган болсо, быйыл 3020 жол кырсыгы катталды. Бул жылы жол кырсыктарынын көп катталганынын себеби: былтыр бул мезгилде пандемияга байланыштуу жол кыймылына чектөө киргизилип, жол кырсыгы төмөндөгөн. Быйыл транспортторго эч кандай чектөөлөр жок. Кырсыктардын көпчүлүгүнө унааны жогорку ылдамдык менен айдап, рулга ээ боло албай калганы себеп болууда». 

Жол кырсыктарды болтурбоо үчүн биринчи кезекте алдын алуу иштерине көңүл буруп, айдоочуларга сапатуу билим берип, жол белгилерин, жолдордун абалын жакшыртуу керектигин Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов «Коопсуз шаар» боюнча депутаттык комиссиянын бүгүнкү жыйынында билдирди.

Анын айтымында, айдоочуларды даярдоо сапатын да эстен чыгарбоо керек. Автомектептер акыркы ирет 2018-жылы текшерилген, бүгүнкү күндө алар талапка жооп бербейт.

«Өлкө боюнча айдоочулукту үйрөтүүчү 235 автомектеп бар. Алардын 119уна эскертүү берилсе, 14 автомектепке айып пул салынган жана 13 авто мектептин ишмердиги 3 айга токтотулган. Бул сандар бүгүнкү күндө автомектептердин талапка жооп бербегендигинен кабар берет. Эгерде ушунун баарын кыскартып, облустарда малекеттик деңгээлдеги 2-3 төн мектепти калтырып, көзөмөлдү күчөтсөк жакшы болот эле. Ушунча мектептин кереги жок деп ойлойм. Биздин министрлик ушунун үстүндө иштеп жатабыз, жакында сунуш беребиз. Экинчи себеби, Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочулук күбөлүктү берүүдө, экзамен алганда сапатына көңүл бөлбөй жатканында. Үчүнчүдөн, Транспорт жана жолдор министрлиги эл аралык трассада жол белгилерин толук кандуу орнотпогондуктан, жогорку ылдамдыктан көп кишинин өмүрү кыйылып жатат». 

Жол кырсыктарынын көп катталуусуна өлкөдөгү жолдордун абалынын начардыгы себеп болуп жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов да тастыктап өттү.

Ошондой эле ал Бишкек шаарында бир жыл ичинде 80 миң айдоочулук күбөлүктүн берилгени туура эмес экенин белгилеп, ар бир айдоочулук күбөлүк комиссиянын чечими менен берилиши керектигин айтты.

«Биздин шаардын жолдору болобу, трасса болобу, абалы жакшы эмес. Ошондуктан канчалаган жол кырсык катталып, канчалаган адам көз жумуп жатат. Адамдын өмүрү баарынан кымбат. Эмне себептен кырсыктар болуп жатат? Себеби башынан баштап айдоочу күбөлүктү туура эмес берген. Экзамен бербей туруп, акча менен сатып алган. Күбөлүктү берип жатканда бир эле Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү берип койбошу керек. Сөзсүз түрдө Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан, ИИМден, жашаган жеринен жергиликтүү бийликтин бир өкүлүн кошуп, комиссия бериши керек. Бул өтө ойлоно турган нерсе, азыр шаарда унаа айдагандан коркосуң, «качан келип сүзүп кетет экен» деп. Бир жыл ичинде Бишкекте 80 миң айдоочулук күбөлүктүн берилиши туура эмес нерсе».

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов да 17-июнда кеңешме өткөргөн. Анда ал жол кырсыктарынын санынын өсүшү негизинен айдоочулардын каршы тилкеге чыгып кетишине жана мас абалда унаа башкаруусуна байланыштуу орун алып жатканын айткан.

Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү кызматкерлерге тапшырмалар берилген. Тактап айтканда, республикалык маанидеги унаа жолдоруна, анын ичинде Бишкек — Ош жана Бишкек — Чолпон-Ата жол тилкелеринде камераларды орнотуу менен «Коопсуз шаар» долбоорунун 2-баскычын тез арада ишке киргизүүсү, жол кыймылынын эрежелерин так сактоону кеңири жайылтуу жана жол кыймылы коопсуздугун, жарандардын, өзгөчө балдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоону камсыздоого багытталган алдын алуу иштерин күчтөндүрүү тапшырмасы берилди.

Өлкөдө автоунаалар жыл санап өсүүдө. Кыргызстан соңку жылдары адам өлүмүнө алып келген жол кырсыктары боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардан түшпөй келет. Жол кырсыгынан каза табуулар көп болуп жатканын депутаттар да жыйындарда көтөрүшүүдө. Бирок демилгелердин көбү сөз жүзүндө калып келет.

Copyright © 2017 Maral FM