Биз менен байланышыңыз

«8 жыл мурда саткан унаам үчүн 560 миң сом айып пул келди»

Коом | 15 Дек 2020 | 1306 | 0

Бүгүн, 15-декабрда Данияр Абжапаров аттуу жаран редакциябызга кайрылды. «Коопсуз шаардан» келген толтура «бакыт катын» кучактап алган бул адам 2012-жылы саткан «Vokswagen Vento» унаасы азыркыга чейин карызга батырып жатканын айтып кейиди. Анткени Абжапаровго учурдагы ээси табылбаган унаанын жол эрежесин бузганын тастыктаган 230 кат келген.

Үйгө келген 230 кат же 560 миң сомдук айып

Унаа 2012-жылы, тагыраагы, «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден 7 жыл мурда ишеним кат (доверенность) аркылуу башка адамга сатылган. Долбоор иштеп баштаган соң, Абжапаровдун үйүнө 10 кат келген. Унаанын башка бирөөгө каттала элек экенин ошондо билип, «Унаа уурдалды» деген негиз менен издөө салып, азыркы ээсин табуу максатында Бишкектеги Ленин райондук Ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Бирок кызматкерлер жалган көрсөтмө болуп калат деп эскертип, бул ишти кароодон баш тарткан. Кийин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына барып, жетекчилери менен жолукканга аракет кылган.

-Бирок күзөттө турган кызматкер уруксат бербей, «Ошол жерде турган кутучага кайрылууңузду салып коё бериңиз», — деди. Кийин бул маселе менен келгендер көп экенин, бирок каралбай жатканын ачык айтты.

Көп өтпөй Абжапаров үй-бүлөсү менен башка жерге көчүп кеткен. Арадан 1 ай өткөндөн кийин мурда жашаган үйүнө барса, үйдүн башчысы (домком) почта аркылуу келген 60-70 катты колуна карматкан. Жакында дагы 70тей «бакыт каты» колуна тийген. Ошентип, жалпысынан 230 кат же 560 миң сомдук айып мойнуна жүктөлүп отурат.

Иш сотко чейин жеткен

Жакында Ленин райондук сотунан кат келип, анда 5500 сомдук айыпты туум менен кошо төлөөсү керектиги эскертилген. Соттун чечимин аткарбаган учурда мыйзамга ылайык чара көрүлөрүн, Абжапаров ээлик кылган мүлктөрдү камакка алып коёрун да айткан.

-Катта 5500 айып, анан дагы 5500 сом мамлекеттин эсебине туум катары төлөнөт деп жазылып турат. Сот аткаруучуга барып: «Унааны мен айдабайм, аны саткам, турмуш шартым буга туура келбейт. Кантип төлөйм?» — десем, «Мүлк сиздики. Биздин башыбыз оорубайт. Биз мүлктөрдү камакка алып коёбуз», — деп ачык айтты. Ал унаа өзү арзан эле, 1000 доллардын тегереги. Аны сатып деле айып пулду толук төлөй албайсың. 

Азыркы учурдагы унаанын ээсин табууга органдардын жардамы тийбей, өзү ар кандай жолдорду издеп жатканын айтты. Жадагалса, Чүй райондук Жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлерине да жеке кайрылып, бирок майнап чыккан эмес. Бул маселе башына түшкөн бир эле Абжапаров эмес. Анын айтымында, унаасынын азыркы ээсин издеп, карызы арткандар миңдеп саналат. Көпчүлүгү президенттик шайлоодон кийин бул көйгөй каралып, карызды кечип жиберет деген үмүттө турушат.

Мындай абалга түшкөндөр көп

Бир учурда унааны каттоодогу кеткен мүчүлүштүктүн бар экенин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы да танбайт. 2012-жылы унааларды каттоо боюнча өзгөртүүлөр кирип, сатууда жеңилдиктер берилген. Анда жаран унааны каттатпай туруп эле ишеним кат аркылуу башкаларга сата турган болуп калган. Башкармалыктын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов бул реформаны популисттик деп баалап, учурда мунун айынан кыйынчылык тартып жаткандардын көп экенин айтат. Ал эми сөз болуп жаткан Абжапаровдун кайрылуусу боюнча да кабары бар. Кызматкерлерге тапшырма берилген, издөө тобу иш алып бара турган болду.

— Жол эрежесин көп бузуп жатканы үчүн аны таап, кармаганга мүмкүнчүлүк бар. Бирок аны кармаган соң, мыйзамдагы ээсине кайтарып берүү же убактылуу токтотуучу жайга коюу үчүн тиешелүү жолдомо кагаздар керек. Андан кийин айыпты төлөө жагын көтөрүүгө болот. Бирок бул жагы баары бир унаанын азыркы жана эски айдоочусунун ортосунда чечилиши керек болуп турат. Анткени мыйзам боюнча унаа кимге катталган болсо, анын ээси катары ошол адам эсептелет. «Коопсуз шаар» долбоорунун негизинде айып кагаздары да ошол жаранга жолдонот.

Системадагы бул башаламандыкты жоюу үчүн башкармалык Өкмөткө сунуштарын жөнөткөн. Бирок ал маселе азыркыга чейин карала элек.

«Коопсуз шаар» долбоору башталгандан бери катталган эреже бузуулар үчүн айып пулдардын 60 %ы төлөнгөн. Алардын калган 20 %ында унаа ээсинин даректеринде, транспортту каттоодогу, почта аркылуу жеткирүүдөгү мүчүлүштүктөрдөн улам маселе жаралып турат. Дагы 20 %ы сөз болуп жаткан ишеним кат аркылуу сатуудан көйгөй жаралып, төлөнбөй турат.

Кайра каттоого мүмкүнчүлүк берип, айып пулдарды жокко чыгаруу керек

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов унаа ээлеринин жоопкерчилиги тууралуу сөз козгоп, сынга алды. Ишеним кат менен сатууга мыйзам жол бергени менен унаа ээси каттоодо ысымы жазылган адам экени анык дейт. Эгерде мындай абалга түшкөн жарандар көп болсо, айыптарды жокко чыгарып, унааларын кайра каттоого убакыт берүүнү сунуш кылды.

-Бизде мыйзамда баары бир унаанын ээси жоопкер болот. Эгерде бул маселе көпчүлүк жарандарда болсо, анда 1-январга же февралга чейин убакыт берип, кайра каттатуу керек. Буга чейинки айып пулдар жокко чыгарылат, кийинкисине өзүңөр жоопкерсиңер деген чечим чыгаруу керек. Болбосо бул эки жакка тең кыйынчылык жарата берет.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору 2019-жылдын февраль айында иштеп баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM