Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө стратегиялык изилдөөлөр жаатында Координациялык кеңеш  түзүлөт

Кыска кабар | 16 Янв 2020 | 549 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун (УСИИ) директору Эмилбек Каптагаевди кабыл алды. Жолугушууда премьер экономикалык реформалар учурунда Өкмөттүн ишине сапаттуу эксперттик колдоо көрсөтүү өзгөчө маанилүү деп белгиледи. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Абылгазиев аталган институт Өкмөттүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдыга коюлган максаттарына багытталган жана комплекстүү иштерин түзүүгө көмөк көрсөтүп, натыйжалуу аналитикалык борбор болушу зарылдыгын айткан.

Изилдөөлөрдү жана сунуштарды мамлекеттик органдардын ишине активдүү колдонуу үчүн институттун ролун кайра карап чыгуу зарыл. Институт Өкмөттүн ишмердүүлүгүнө натыйжалуу аналитикалык колдоо көрсөтүүсү керек жана жүргүзүлгөн реформалардын сапатын камсыз кылууга жардам берүүсү зарыл, — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эмилбек Каптагаев быйыл институтка учурдагы ишинен тышкары өлкө үчүн маанилүү болгон иш-чараларды – Шанхай кызматташтык уюму, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматтыштык кеңеши, Борбор азиялык саммит сындуу ири уюмдардын алкагында аналитикалык форум өткөрүү иши жүктөлгөнүн белгиледи.

Өкмөт башчы бүгүнкү абалды эске алып, институттун ролун өзгөртүү жана аны өркүндөтүү зарыл экенин баса белгиледи.

Институт бийлик органдарын тиешелүү маалымат жана аналитика менен камсыздоого тийиш. Биз өз убактысында жана объективдүү маалыматтарды, ар түрдүү аналитикалык материалдарды алууга кызыкдарбыз. Ишти институттун материалдары бизге жакшы жардам боло тургандай кылып уюштуруу кажет. Өкмөттүн ишине сапаттуу эксперттик колдоо көрсөтүү — айрыкча экономикада маанилүү реформаларды иштеп чыгуу жана киргизүү мезгилинде өзгөчө маанилүү, — деп баса көрсөттү премьер-министр.

Өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдарга Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун ишмердүүлүгүн жакшыртуу, ошондой эле институттун планын беките турган УСИИ Координациялык кеңешин түзүү боюнча конкреттүү планды иштеп чыгууну тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM