Биз менен байланышыңыз

Жумабеков Кытайда мэрдин медициналык өнүгүү боюнча кеңешчиси кызматына дайындалды

Кыска кабар | 14 Янв 2020 | 696 | 0

Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабековду Кытайдын Фанченган шаарынын мэри аталган шаардын медициналык өнүгүүсү боюнча кеңешчиси кылып дайындады. Ал эми аталган шаардын Элдик бийлиги Биринчи шаардык оорукананын ортопедия боюнча башкы адиси кызматына дайындады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Сабырбек Жумабеков 4-12- январь аралыгында Кытайга болгон сапарынын алкагында Фанченган университетинин ооруканасында тизе муундарынын патологиялары боюнча мастер класс өткөргөн.

Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин буйругу менен Фанченган шаарында заманбап технологиялар менен жабдылган 2000 орунду медициналык борбор курулмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM