Биз менен байланышыңыз

Пакистан: Экс-президентке коюлган өлүм жазасы жокко чыгарылды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Янв 2020 | 580 | 0

Лахор жогорку соту Пакистандын мурдагы президенти жана аскердик лидери Первез Мушаррафка карата атайын сот чыгарган өлүм жазасына тартуу буйругун мыйзамсыз деп тапты жана аны жокко чыгарды. Бул тууралуу Geo TV телеканалы кабарлады.

27-декабрь күнү Мушарраф өлкөгө кыянаттык кылгандыгы тууралуу иш боюнча чыгарылган өкүм үстүнөн Лахор жогорку сотуна апелляция берген.

Буга чайин, 17-декабрда Пакистандын атайын соту мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган өлкөнүн мурдагы президенти Первез Мушаррафты өлүм жазасына тартуу буйругун чыгарган.


Пакистандын мурдагы президенти Мушарраф өлүм жазасына тартылмай болду


Мушарраф бийликке 1999-жылы мамлекеттик төңкөрүштүн натыйжасында келген. Ал Пакистанды 2001-2008- жылдар аралыгында башкарган.

2007-жылы кайрадан шайланган Мушаррафтын легитимдүүлүгүн сотто кароого даярдык башталганда, президент өлкөдө өзгөчө кырдаалдар режимин жарыялап, Конституциянын ишин токтоткон жана экстремисттик кыймылга айыптап, Жогорку соттун судьясын камакка алган. Кийинчерээк президенттин бул чечими аны мамлекеттик чыккынчылыкка айыптоого шарт түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM