Биз менен байланышыңыз

Өлүм жазасына тартуу боюнча рекорд койгон өлкөлөр аталды

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Апр 2021 | 615 | 0

Былтыр өлүм жазасына тартылгандардын саны боюнча Кытай дүйнөдө биринчи орунду ээлеген. Бул тууралуу «Amnesty International» эл аралык уюму жарыялады.

«2020-жылы белгилүү болгон өлүм жазасынын көпчүлүгү Кытай, Иран, Египет жана Сауд Аравиясында катталган», — деп айтылат уюмдун баяндамасында.

«Amnesty International» эл аралык уюму маалыматтар жашыруун экендигине байланыштуу Кытайдагы адам өлтүрүүлөрдүн чыныгы масштабын алдын ала айтуу мүмкүн эместигин билдирди.

Жалпысынан, былтыр дүйнө жүзүндө өлүм жазасына тартылгандардын саны азайган. Уюм 18 мамлекетте эң аз дегенде 483 өлүм жазасына тартылган, бул көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 26 пайызга төмөндөгөн.

Өлүм жазаларына тартуу буйругун аткаруу саны да кыскарып, 2019-жылы 2307ден, 2020-жылы 1477ге жеткен. Жалпысынан былтыр дүйнө жүзү боюнча 28 567 адам өлүм жазасына тартылган.

Былтыр Кытайдан тышкары, өлүм жазасынын 88 пайызы төрт мамлекетте болгон: Иран, Египет, Ирак жана Сауд Арабиясы. Жакынкы Чыгышта өлүм жазасына тартылгандардын саны боюнча Иран алдыда келе жатат. Өткөн жылы өлкөдө 246 өлүм жазасы аткарылган. Иракта өлүм жазасына тартылгандардын саны эки эсеге көбөйдү. Буга соттордун пандемияга байланыштуу жабык турушу себеп болгон. Египетте былтыр өлүм жазасына тартылган туткундардын саны 2019-жылга караганда үч эсе көп болсо, Сауд Аравиясында, тескерисинче, 85 пайызга аз болгон. Себеби, падышалык баңгизатка байланыштуу кылмыштар үчүн өлүм жазасын токтотуп, ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөргө өлүм жазасын алып салган.

«Amnesty International» өлүм жазасы адам укугун бузат деп эсептейт.

Кошумчалай кетсек, учурда өлүм жазасына 144 мамлекетте тыюу салынган же колдонулбайт.

Copyright © 2017 Maral FM