Биз менен байланышыңыз

Пакистандын мурдагы президенти Мушарраф өлүм жазасына тартылмай болду

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Дек 2019 | 692 | 0

Пакистандын атайын соту өлкөнүн мурдагы президенти жана аскердик лидери Первез Мушаррафты өлүм жазасына тартуу буйругун чыгарды. Бул тууралуу Dawn гезити жазды.

Мурдагы президент Первез Мушарраф мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталууда.

Мушарраф бийликке 1999-жылы мамлекеттик төңкөрүштүн натыйжасында келген. Ал Пакистанды 2001-2008- жылдар аралыгында башкарган.

2007-жылы кайрадан шайланган Мушаррафтын легитимдүүлүгүн сотто кароого даярдык башталганда, президент өлкөдө өзгөчө кырдаалдар режимин жарыялап, Конституциянын ишин токтоткон жана экстремисттик кыймылга айыптап, Жогорку соттун судьясын камакка алган. Кийинчерээк президенттин бул чечими аны мамлекеттик чыккынчылыкка айыптоого шарт түзгөн.

Мушарраф импичмент жарыялоо коркунучу туулган соң, 2008-жылы кызматын тапшырган.

2009-жылы ага соттук иштерге мыйзамсыз аралашкандыгы үчүн кылмыш иши козголгон.

Бийликтен кеткен соң Мушарраф БАЭ жана Улуу Британияда жашаган. 2013-жылы парламенттик шайлоого катышуу үчүн Пакистанга кайтып келген, бирок аны шайлоодон четтетишкен. Ошол эле жылы үй камагына алынган, кийинчерээк дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берилген.

2016-жылдын март айында Мушарраф Пакистандан Бириккен Араб Эмирлигине чыгып кетип, ошондон бери өлкөсүнө кайткан эмес.

Copyright © 2017 Maral FM