Биз менен байланышыңыз

Абхазия: Президенттин артынан вице-президент да кызматын тапшырды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Янв 2020 | 459 | 0
Абхазиянын вице-президенти Аслан Барциц «президент» Раул Хажимбанын артынан отставкага кетүү үчүн арыз жазды. Бул тууралуу Хажимбанын сайтына шилтеме жасап, ТАСС агенттиги жазды.
Белгилей өтсөк, буга чейин нааразычылыктардан улам, президент Хажимба өлкө тынчтыгы үчүн кызматтан кетерин билдирген. Барциц  президенттик бийликти толкундоолор жана көтөрүлүш аркылуу мажбурлап тапшыртуу туура эмес саясат экенин белгилейт.

Буга чейин Абхазиянын борбору Сухумда нааразычылык акциясы өтүп, президенттик администрация имаратын басып алган оппозиция өлкө башчысы болуп турган Хажимбанын отставкасын жана жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылган. Алар экинчи ирет шайланган президенттин бийликке туура эмес жолдор менен келгенин айтып чыгышты. 


Абхазия президенти нааразычылыктан улам отставкага кетти


10-январда Жогорку сот 2019-жылдын сентябрь айында өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган соң, кийинчерээк БШК жаңы шайлоону 22-мартка белгиледи. Сентябрда өткөн шайлоодо азыркы «президент» Раул Хажимба жеңишке жеткени жарыяланган. Ал эми оппозиция шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тарткан.

Раул Хажимба 2014-жылдын 25-сентябрында Абхазия президенти болуп шайланган. 2019-жылдын 8-сентябрында экинчи турдун жыйынтыгы менен жеңүүчү деп табылган.

2008-жылкы беш күндүк орус-грузин тирешүүсүнөн соң ,8-августта Абхазия Грузиядан бир тараптуу көз карансыздыгын жарыялап алган. Аны Орусия жана Африка менен Түштүк Америкадагы саналуу мамлекеттер гана тааныган. Батыш мамлекеттери жана Грузия тааныган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM