Биз менен байланышыңыз

Грузия эгемендигин тааныбаган Абхазияда президенттик шайлоо болуп өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Мар 2020 | 564 | 0

Грузия көз карандысыздыгын тааныбаган Абхазиядагы президенттик шайлоого карата чечкиндүү каршылыгын билдирди. “Алардын аракеттери эл аралык укуктун фундаменталдуу нормаларына жана принциптерине каршы келет. Ушундай жол менен алар Грузиянын аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендүүлүгүнө доо кетиришти”, — деп Грузиянын ИИМи 22-мартта билдирди.

«Бир канча жолку этникалык тазалоонун толкунунан улам жарым миллиодон ашуун качкын өз үйлөрүн таштап, башка жактарга качууга аргасыз болушкан. Алардын дагы эле үйлөрунө кайтууга мүмкүнчүлүктөрү жок» деп атйылат ведомствонун билдирүүсүндө. Грузия ИИМи дүйнөлүк коомчулукту түзүлгөн кырдаал боюнча өз баасын берүүгө оккупация болгон аймактарда жүргүзүлүп жаткан мыйзамсыз процедураларга карата чара көрүүгө чакырды.

Өзүн республика деп атап алган республикада өткөрүлгөн шайлоодо абхаз оппозициясынын лидери Аслан Бжания жеңүүчү деп табылды.

2019-жылдын август айында өткөрүлгөн  шайлоонун биринчи турунда бир дагы кандидат жетиштүү добуш топтой алган эмес. Ал эми сентябрь айында өткөрүлгөн шайлоонун экинчи турунда Абхазиянын учурдагы жетекчиси Рауль Хаджимба жеңүүчү болуп чыккан. Бирок 2020-жылы Жогорку сот шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай, кайра шайлоо өткөрүү чечимин кабыл алган. Ушундан улам, Рауль Хаджимба өзүнүн кызматын тапшырып кетүүгө аргасыз болгон.

Эскерте кетсек, Абхазиянын көз карандысыздыгын Орусия баш болгон бир канча өлкө гана тааныйт. Грузия болсо, аны Орусия басып алган өзүнүн аймактык бөлүгү деп билет.

Copyright © 2017 Maral FM