Биз менен байланышыңыз

Грузия февралда эл аралык аба каттамдарды жандантат

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Янв 2021 | 674 | 0

Грузия 1-февралдан тарта эл аралык каттамдарга коюлган бардык чектөөлөрдү алып салат. Бул тууралуу өлкөнүн Экономикалык өнүгүү министри Натия Турнава билдирди.

«Биз 1-февралдан баштап үзгүлтүксүз учууларга коюлган чектөөлөрдү алып салса болот деген ойдобуз. Демек, Грузияда иштеп жаткан жана Грузия менен иштешүүнү каалаган бардык авиакомпаниялар туруктуу каттамдарды пландаштырып, жүргүзө алышат», — деди ал.

Министрдин айтымында, бул бардык медициналык протоколдорду жана вируска каршы коопсуздук эрежелерин сактоо менен жүргүзүлөт.

Азыр Грузия Өкмөтү өлкөгө кирүү процедурасын жеңилдетүү маселесин талкуулап жатат.

«Келечекте жаз айында көптөгөн туристтерди кабыл алууну пландап жатабыз. Кийинки жумада биз туроператорлор, туристтик компаниялар менен даярдыктарды талкуулайбыз», — деди Турнава.

Copyright © 2017 Maral FM