Биз менен байланышыңыз

Грузияда өткөн парламенттик шайлоодо бийликтин партиясы утуп чыкты

Кыска кабар | 1 Ноя 2020 | 407 | 0

31-октябрь күнү грузияда өткөн парламенттик шайлоодо бийликтин партиясы делген «Грузин кыялы» партиясы шайлоодо жеңишке жетишкенин жарыялады. Андан башка дагы сегиз партия мыйзам чыгаруу органына киргенин «РИА Новости» жазып чыкты.

Азырынча БШК шайлоо участкаларынын 81%дан ашыгынын маалыматтарын эсептеп чыкты. Ага ылайык, “Грузин кыялы” 48,31% добуш менен алдыда. Парламентке өткөндөрдүн арасында «Грузин кыялы» партиясы, «Күч Биримдикте», «Европалык Грузия», «Гирчи», «Лело», «Агмашенебели Стратегиясы», «Лейбориттер», «Патриоттор» жана «Жарандар Альянсы» топтору бар.

Бийликтеги партиянын жооптуу катчысы Иракли Кобахидзе БШКнын маалыматы боюнча “Грузин кыялы” парламеттик көпчүлүк мандатка ээ болгонун ырастады.

«Пропорционалдык тизмеге ылайык, биз 62 мандатка ээ болдук. Бир мандаттуу округдарды кошо турган болсок, биринчи турда жок дегенде 14 мандат кошулат. Демек, бизде 76 мандат бар», — деди Кобахидзе.

Добушканалардын протоколдору толук эсептелгенден кийин көрсөткүчтөр дагы өзгөрүшү мүмкүн.

«Бирдиктүү улуттук кыймыл – Күч биримдикте» партиясынын өкүлдөрү БШКны добушту бурмалоо менен айыптоодо. Аталган партия утуп чыкса, Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилини өкмөт башчылыкка алып келерин жарыялаган.

Саясий жарышка 48 партия жана эки саясий блок катышты.

Эске салсак, өткөн ишемби күнү Грузияда парламенттик шайлоо өткөн. Мыйзамга ылайык, бул өлкөдө депутаттар төрт жылга шайланат. Парламентте бардыгы болуп 150 депутат бар. Алардын 120сы партиялык тизме менен келсе, калган 30у бир мандаттуу округдардан шайланат. Партиялар парламентке өтүү үчүн бир пайыздык чектөөдөн өтүшү керек. Ал эми мажоритардык талапкерлер шайлоочулардын добушунан 50 пайыз жогору алуусу шарт. Ал эми өкмөттүн курамын добуштардын 40 пайызынан көбүн алган партия өз алдынча эле бекитип кое алат.

Copyright © 2017 Maral FM