Биз менен байланышыңыз

Грузиянын премьер-министри отставкага кетет

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Фев 2021 | 655 | 0

Грузиянын гремьер-министри Георгий Гахария кызматтан кетүүгө арыз жазды. Бул тууралуу өзү брифинг учурунда маалымдады.

«Мен кызматтан кетүү чечимин кабыл алдым. Бул кадам өлкөгө саясий туруктуулук алып келет деп ишенем», — деди ал.

Ошондой эле Гахария отставкага кетүүсүнө оппозициячыл лидер Ник Мелияны кармоодо өз командасы менен бир келишимге келе албагандыгы себеп болгонун айтты.

2019-жылдын 8-сентябрында өткөн жыйында Грузия парламенти мурдагы Ички иштер министри Георгий Гахария башында турган өкмөткө ишеним берген. Гахария Мамука Бахтадзенин ордуна премьер-министр болуп дайындалган.

Конституцияга ылайык, башкаруучу «Грузин кыялы» партиясы бир жума аралыгында өкмөт башчылыкка талапкерди президентке сунушташы керек.

Copyright © 2017 Maral FM