Биз менен байланышыңыз

COVID-19 КМШ өлкөлөрүндө күч алды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июл 2020 | 1779 | 0

Кыргызстан, Казакстан, Армения, Өзбекстан жана Грузияда коронавирустук инфекциянын жаңы түрүн жуктуруп алгандар жана анын кесепетинде көз жумгандар көрсөткүчү өсүп барат.

Кыргызстан

Бүгүн, 16-июлга карата Кыргызстанда коронавирустун 521 жаңы учуру катталды. Вирус жуктургандардын жалпы саны 12 498ге жетти.

Акыркы бир суткада коронавирустан 75 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Пневмониядан бир суткада айыккандардын саны 379ду түздү. Илдеттен айыккандардын жалпы саны учурда 5632ни түзүүдө.

Учурда стационарда – 682 бейтап бар, алардын ичинен 16 киши реанимацияда. Ал эми үй карантининде дарыланып жаткандардын саны – 6 017.

Коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 167 кишини түздү. Мындан тышкары, бир сутка ичинде пневмониядан 41 бейтап каза болду. Март айынан бери өпкөнүн сезгенүүсүнөн каза болгондордун жалпы саны – 612 адам.

Казакстан

Жон Хопкинс университетинин эсебине ылайык, коронавирустун жайылышы боюнча Казакстан дүйнөдөгү алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирди.

Казакстандын аймагында сутка ичинде дагы 1674 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Алардын ичинен 863 адамда оору белгилери жок өтүп жатат.

Коронавируска каршы күрөшкөн штабдын маалыматы боюнча, учурда Казакстанда жалпы 65 188 адамга коронавирус оорусу жукту. Алардын ичинен 34 миң 190 адам айыккан.

Буга пневмония менен ооругандар кошулган жок. Казакстанда өпкөсү кагынуудан (пневмония) каза болгондордун саны 600дөн ашты. Жыл башынан бери 100 миңге чукул адам пневмония болгон.

Өзбекстан

Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 14 787ни түздү. Сутка ичинде 321 жаңы учур катталды.

Учурда Өзбекстанда вирустан сакайып, үйлөрүнө чыгарылгандардын саны 8655 адам.

Ошондой эле, 6060 бейтап стационарда эмделүүдө. Алардын ичинен 60 оор, 7 бейтап өтө оор абалда. Каза болгондор 72 киши.

Армения

Арменияда сутка ичинде 554 адам коронавирус менен катталды. Вируска кабылгандардын жалпы саны 33 559га жетти.

Бул инфекциянын кесепетинде дагы 15 адам, жалпы 607 киши көз жумду.

Бүгүнкү күнгө чейин 21 931 адам вирустан сакайган. Учурда 10 832 бейтап дарыланууну улантууда.

Грузия

Грузияда акыркы суткада 2 адамдан вирус аныкталып, жалпы COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 1037ни түздү.

Грузияда коронавирустан 883 адам айыкты.

Өлкө боюнча аталган инфекциялык оорудан 15 адам көз жумду. 5 640 адам үй карантинине алынса, 244 бейтап ооруканада эмделүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM