Биз менен байланышыңыз

Саакашвили Грузиянын өкмөт башчысы болуу үчүн эки шарт койду

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Сен 2020 | 4739 | 0

Грузиянын мурунку президенти Михаил Саакашвили бул өлкөнүн өкмөт башчысы болууга даяр экендигин Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

“Новости-Грузия” сайты саясатчы бул үчүн 2 шарт койгонун жазды.

-Мен толук мөөнөткө өкмөт башчы болбоймун, көп дегенде 2 жыл. Себеби бул эки жыл мамлекетти баткактан чыгарып, өнүктүрүү үчүн жетиштүү болот,- дейт Саакашвили.

Экинчи шарт катары мамлекетте “карама-каршылык жана тартипсиздиктер” болбош керектигин айткан.

-Мен өз учурунда өкмөттү тынчтык жолу менен тапшырганмын. Ошондой эле өкмөт башчылыкка да мыйзам бузуу, талаш-тартыш менен келүүнү каалабаймын,- деп белгилеген Саакашвили.

Ал видеокайрылуусунда президент болуп турган учурда каталарды кетиргенин мойнуна алган.

-Эч нерсе кылбаган адам гана ката кылбайт,- деп кошумчалаган саясатчы.

Саакашвили Грузияны башкарып турган учурда АКШ президенти “Грузия — демократиянын дүйнөлүк аренадагы маягы” деп атаганын да эске салып өткөн.

Буга чейин Грузиянын оппозициядагы «Бирдиктүү улуттук кыймыл» менен «Күч — биримдикте» биримдиги Михаил Саакашвилиге аталган саясий күчтөрдүн атынан премьер-министр кызматына талапкер болууга чакырган.

Грузияда кезектеги парламенттик шайлоо 31-октябрга белгиленген. Анда «Бирдиктүү улуттук кыймылдан» тышкары, башкаруучу “Грузия кыялы” партиясы да катышууда.

Саакашвили Грузияны 2008-2013-жылдар аралыгында башкарган. 2013-жылдагы шайлоодон соң, ага кылмыш иши козголгонуна байланыштуу өлкөдөн чыгып кеткен.


Саакашвили Грузияга кайтып, парламенттик шайлоого катышарын айтты

Copyright © 2017 Maral FM