Биз менен байланышыңыз

Саакашвили Грузияга кайтып, парламенттик шайлоого катышарын айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Авг 2020 | 704 | 0

Грузиянын мурунку президенти Михаил Саакашвили өз өлкөсүнө кайтып, парламенттик шайлоого катышарын билдирди.

Ал видео кайрылуусунда учурда жашап жаткан Украинаны «экинчи үйүм» деп атап, украин калкына ыраазычылык айтты. Азыркы тапта Украинанын улуттук кеңешинин реформалар боюнча аткаруу комитетин жетектеп турган Саакашвили өз мекени Грузияга кайтууну көздөп жатат. Ал Грузияда жакында боло турган парламенттик шайлоого катышат.

«Мен Украинаны студенттик кезден бери эле жакшы көрөм. Эң оор учурда да мени ушул өлкө кучагына алып, мен кандай болсом, ошондой кабыл алды. Мен бул нерсени өтө баалайм», — деген Саакашвили.

Саясатчынын айтымында, ал Украинада жашаган 7 жыл аралыгында дайыма Грузиядагы жаңылыктарга көз салып турган.

«Мен Грузиянын президенти болуп турганда өтө көп жакшы иштерди жасадым. Бирок кетирген кемчиликтерим да көп болду. Мен 7 жылдан бери сырттан байкоо салып, ошол кетирген кемчиликтерди оңдоо үчүн тажрыйба топтодум. Мындан улам Грузияга кайтып барып, кетирген каталарымды оңдоого аракет кылам», — деп кошумчалаган грузиялык саясатчы.

Ал эми учурда Украинада ээлеп турган кызмат орду эмне боло турганы жөнүндө эч кандай комментарий бере элек.

Эске салсак, Саакашвили 2013-жылы өз өлкөсү Грузияда кылмыш иши козголгонуна байланыштуу, Украинага барган. Ал украин жарандыгын алып, мурунку украин президенти Порошенконун тушунда Одесса облусунун губернатору болгон. Кийинчерээк досу жана университетте чогуу окуган тайпалашы Порошенко менен пикир келишпестиктерден улам АКШга кеткен. Порошенко аны украин жарандыгынан ажыраткан. Ал эми Украинанын учурдагы президенти Владимир Зеленский бийликке келген соң, Саакашвилиге украин жарандыгын кайра берип, аны өлкөнү өнүктүрүү боюнча реформа комитетинин жетекчиси кылып дайындаган.

Саакашвили: Алгач ишти бизнес чөйрөгө эркиндик берүү менен баштайбыз

Copyright © 2017 Maral FM