Биз менен байланышыңыз

Саакашвили: Алгач ишти бизнес чөйрөгө эркиндик берүү менен баштайбыз

Дүйнө , Кыска кабар | 8 мая 2020 | 2682 | 0

Украинада жаңы кызматка дайындалган Михаил Саакашвили ишин алгач эле бизнес чөйрөгө эркиндик берүү менен баштай турганын айтты. Анын пикиринде, ишкерлерге карата бюрократиялык басымдар толугу менен жоюлушу зарыл.

«Алгачкы эле этапта, бизнеске болгон административдик басымды жок кылуу керек«, — деп билдирген Саакашвили  «1+1» украин телеканалына берген маегинде.

Ал ошондой эле медицина жаатындагы реформаларга да токтолуп, бул тармакты түп тамыры менен жаңылоо зарыл деп белгиледи. «Анткени украин медицинасы коронавирус менен күрөшүүдө өзүнүн эфффективдүү эместигин дагы бир ирет далилдеди» деп кошумчалаган.

Маалым болгондой, кечээ, 7-майда, Украина президенти Зеленский Одессанын экс-губернатору Саакашвилини Реформаларды аткаруу комитетинин башчысы кылып дайындаган. Саакашвилинин айтымында, анын офиси украин президентинин имаратынын ичинде орун алган.

Зеленский Саакашвилини кызматка дайындады

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM