Биз менен байланышыңыз

Саакашвилинин Порошенкого таарынычы бар

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июн 2019 | 679 | 0

Украинанын экс-президенти Петр Порошенкодо тамашакөйлүк сезими жок. Мындай пикирин Одессанын экс-губернатору Саакашвили 1+1 эфиринде билдирди. Ошондой эле, ага чоң таарынычы бар экенин кошумчалады.

Анын айтымында, Порошенко көптөгөн убадаларды берип, бирок аткарбай  койгон.

«Ал мага Одессаны каржылоо, Одесса-Рени жолун куруу, административдик шарттарды жакшыртуу, мыйзамды өзгөртүү сыяктуу убадаларды берген болчу. Мени алдады», — дейт Саакашвили.

Эске сала кетсек, Украина президенти Владимир Зеленский 28-майда Михаил Саакашвилинин жарандыгын кайтарып берди. Ал 2017-жылы Петр Порошенконун буйругу менен украин жарандыгынан айрылган. Киевге кайтып келген саясатчы украин элине жаңы өлкө курууга жардам берерин белгиледи.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM