Биз менен байланышыңыз

ЖМК: Порошенко үй-бүлөсү менен Украинадан чыгып кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Июл 2019 | 635 | 0

Украинанын экс-президенти Петр Порошенко мамлекетик күзөт кызматынан баш тартып,  үй-бүлөсү менен Түркияга учуп кеткендигин, дүйшөмбү күнү «Украинская правда» интернет басылмасы ишенимдүү булагына шилтеме берип жазып чыкты.

«Анын үй-бүлөсүнүн бир бөлүгү мурунку жумада Украинадан чыгып кеткен. Үй-бүлөсүнүн калган бөлүгү өзү менен чогуу ушул жекшемби күнү Стамбулга учуп кетишти«, — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле маалымат булактары Порошенконун мамлекеттик күзөт кызматынан баш тартканын да жазышкан.

Кошумчалай кетсек, 31-мартта жана 20-майда Украинада 2 жолу президенттик шайлоо болуп,  30-майда Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын 73, 22 %ынын колдоосу менен расмий түрдө Зеленскийди жеңүүчү деп таап, Порошенко жеңилип калган болчу.

 

Copyright © 2017 Maral FM