Биз менен байланышыңыз

Зеленский Саакашвилиге Украина жарандыгын кайтарып берди

Дүйнө , Кыска кабар | 29 мая 2019 | 679 | 0

Украина президенти Владимир Зеленский Михаил Саакашвилинин жарандыгын калыбына келтирүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул боюнча Саакашвили өзүнүн Фейсбук баракчасына украинче жана орусча: «Президент Зеленскийге рахмат! Украинага даңк!», — деген билдирүү калтырды. Андан сырткары, Украинаны, Киевди сагынганын, дароо кайтып барарын кошумчалады.

Грузиянын экс-президенти Саакашвили грузин жарандыгынан 2015-жылы ажыратылып, ага бир нече кылмыш иши козголгон. Андан соң, 2015-жылдын май айында украин жарандыгын алган. Ал тургай, Одесса облусуна губернатор болуп да шайланган. Аталган кызматта турган учурда украин бийлиги менен келишпей, чыр-чатак чыгып, 2016-жылы отставкага кеткен.

2017-жылы июль айында ошол учурдагы Украина президенти Петр Порошенко Саакашвилини украин жарандыгынан ажыратуу боюнча токтомго кол койгон. Саакашвили ошол учурда Америкада болгон. Ал куугунтукка кабылганы үчүн Киев бийлигин сындап, оппозицияга өткөнүн жар салган. Ошондой эле, Порошенкону демократияны жок кылуу жана бийликти узурпациялоо боюнча күнөөлөгөн.

Саакашвили 2021-жылга чейин Украинага кирүүгө тыюу салынганына карабай, бир нече ирет кайтып барууга аракет жасаган.

Copyright © 2017 Maral FM