Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандан Орусияга кайткан мигранттардын саны арбыды

Коом | 21 Окт 2020 | 787 | 0

Учурда Кыргызстандын жарандары Орусияга түз жана чартердик авиакаттам менен барышат. Туруктуу каттамдар жанданганы менен авиакомпаниялар жүргүнчүлөрдүн талабын камсыздай албай келет. Мунун айынан билет баалары да кымбаттап кетти. Өлкөнүн Жарандык авиация агенттиги бул көйгөй туруктуу каттамдардын санын көбөйтүү аркылуу гана чечилерин айтат. Бирок Орусия азырынча каттамды көбөйтүүдөн кооптонуп турат. Анткени Кыргызстанда коронавирустун жаңы учурлары өткөн айларга салыштырмалуу көп каттала баштады. Орусияга Кыргызстандын жарандары кандай шарт менен кире алат? Ал үчүн кайсы документтер талап кылынат?


Пандемиядан улам 30 миңден ашык мекендештер Орусиядан Кыргызстанга кайтышкан. Алардын айрымдары кайра Орусияга бара албай убара тартып жаткан кези. Учурда Кыргызстандын бардык жарандары туруктуу аба каттамдары менен Орусияга учууга укуктуу. Ал эми чартердик каттамдар менен атайын категориянын негизинде гана учууга уруксат берилет. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Алмаш Алтымышева кабарлады.

— Орусиянын жарандыгы барлар; Орусияда жакын туугандары барлар (баласына, жубайына, ата-энесине барып келүүгө); медициналык жардамга муктаждар; бейтапты караган адамдар Орусияга бара алышат. Бардык кыргызстандыктардан Орусиянын аймагына киргенге чейин коронавирус менен оорубай турганын далилдеген ПЦР-тест жыйынтыгы болушу керек. 

Москва-Бишкек-Москва багыты боюнча жумасына бир жолу Орусиянын «Аэрофлот», Кыргызстандын «Авиатрафик» авиакомпаниялары туруктуу каттамдарды ишке ашырууда. Бирок бул Орусияга барууну каалагандардын суроо-талабын толук камсыздай албай келет. Кыргызстан туруктуу каттамдардын санын көбөйтүү жана Орусиянын башка шаарларына каттамдарды ачуу сунушун киргизген. Бирок пандемиядан улам орус тарап макулдугун бере элек. Мындан сырткары чартердик каттамдар да уюштурулуп жатат. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев «Маралга» маалымдады.

— Чартердик каттамдарды Санкт-Петербург, Москва, Новосибирск, Екатеринбург шаарларына Орусия тараптан 3, биз тараптан 1 авиакомпания аткарып жатат. Орусия тараптан биздин жарандарды алып келүүдө көйгөй жок.  

Коомчулукта учак билеттеринин баасы кымбат экенин айтып, нааразы болгондор бар. Буга туруктуу каттамдардын аз болуп жатканы себеп экенин, алардын саны көбөйтүлсө, баалар төмөндөй турганын Курманбек Акышев кошумчалалады.

— Туруктуу каттамдардын саны аз болгондуктан, жарандардын суроо-талабына жооп бере албай жатабыз. Ал эми Москва-Бишкек багыты боюнча учак билеттеринин баасы арзан болууда. Билеттердин наркын авиакомпаниялар өздөрү коёт. 

Учак билеттеринин наркы 23 миң сомдон 89 миң сомго чейин көтөрүлүүдө. Ага карабай сатып алууга даяр жарандар бар. Тилекке каршы, мамлекеттин кызыкчылыгы болгон күндө да, өкмөт, тиешелүү органдар жеке компаниялардын баа саясатына кийлигише албайт. Компаниялар карантин убагында кириптер болгон жоготууларын толуктоо үчүн билет баасын жогору коюп жатышы мүмкүн. Өкмөт туруктуу аба каттамдарды көбөйтүүгө канчалык аракет кылбасын, Орусия тараптан чечим кабыл алынмайынча, абал өзгөрбөйт. Мындай пикирин «Travel Shop» туристтик агенттигинин директору Талант Токталиев билдирди.

— Өзүм да Москвадамын. Аба каттамдарын көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бирок жооп ала элекпиз. «Эпидемиологиялык кырдаал басаңдаган соң, уруксат беребиз» дегендей кылышууда. Уруксат алган соң, каттамдардын санын көбөйтүп, 2-3 жумада билеттин баасын төмөндөтүүгө болот. Көпчүлүгү Кыргызстанга келүүдөн кооптонууда, анткени кайра кете албай калуудан чочулашат. Ошондуктан билет баалары да кымбат болууда. Башкача айтканда, Москва-Бишкек багытына караганда Бишкек-Москванын баалары эки эсе кымбат болууда. 

Айта кетсек, Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы туруктуу аба каттамдар үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрында кайра уланып баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM