Биз менен байланышыңыз

Абхазия автолорунун маселеси ЕАЭБдин деңгээлинде каралат

Коом , Саясат , Экономика | 23 Мар 2021 | 2107 | 0

23-мартта Өкмөт үйүнүн алдында 200дөй айдоочу митингге чыгып, Абхазия мамлекетинен ушул мезгилге чейин кирген автоунааларды Кыргызстанда каттоого алып, мыйзамдаштырууну талап кылышты. Алар бийликке кайрылуусунда Абхазиядан ташылып келген жана сатып алынып, жолдо келе жаткан унааларды мыйзамдаштырууну, учурда айып аянтчасына токтотулган машиналарды чыгарып берүүнү суранышты.

Акыркы 4 жылда Абхазия өлкөсүнөн Жапон унааларын алып келүү кескин өскөн. Бажы кызматы буга чейин жарандарга кайрылып, Абхазиядан келген унааларды сатып албоого чакырган. Анткени аталган өлкөдөн ташылган унаалар биринчиден, оң рулдуу болгондуктан, Кыргызстанда тыюу салынган, экинчи жагынан, Евразия Экономикалык Биримдигинин товары болуп эсептелбейт.

Маалым болгондой, Япониядан алынган унаалардын документтери Абхазияда даярдалып, ал өлкөнүн жарандарына катталат. Андан соң, машина Орусиянын аймагына киргизилип, кийин Кыргызстанга жиберилет. Негизинен, ЕАЭБдин аймагына башка өлкөлөрдөн кирген унаалар белгилүү бир убакытка гана кирип, кайра чыгып кетүүсү керек. Эгер сатылып алына турган болсо, бажы аркылуу төлөмдөрүн төгүп, каттоодон (растаможка) өтүүсү зарыл.

Абхазиядан убактылуу Орусиянын аймагына киргизилген унаалар кайра өз өлкөсүнө чыгарылып кетпестен, Кыргызстанга ишеним кат менен сатылып келген. Кыргызстандагы абхаз номери менен жүргөн автоунааларды ээлери өзүнө каттатып, башка бирөөгө сата да албайт.

Бажы кызматынын басма сөз катчысы Жаманак Мүсүралиевдин айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн чек араларында бажы бекеттери алынып салынгандыктан, мындай унаалардын кирүүсү көзөмөлдөнбөй калган.

«Учурда мындай унаалар ЕАЭБдин Бажы кодексинин 264-275-беренелерин бузуу фактылары менен кармалып жатат. Берене боюнча, Абхазиядан убактылуу алып келинген унааларды ишеним кат менен сатууга болбойт. Машинаны ЕАЭБдин аймагына киргизип жатканда убактылуу бажы декларациясы толтурулат. Бул документти бир жылдык мөөнөткө чейин алса болот. Мөөнөтү бүткөнгө чейин унааны ЕАЭБдин аймагынан чыгарып кетүү керек. Аны бир гана машинанын юридикалык ээси болуп эсептелген Абхазия жараны чыгара алат. Машинени сатып алган кыргызстандык жаран унаанын ээси болуп эсептелбейт».

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Тилек Оторов маселеге байланыштуу буларга токтолду:

«Мамлекеттик Бажы кызматы менен биргеликте рейд жүргүзүп, Абхазиядан ташылып келип, сатылып жаткан унааларды тыюу аракетин көрүп жатабыз. Учурда убактылуу бажы декларациясынын мөөнөтү өтүп кеткен, жасалма документтер менен жүргөн 10дон ашык автоунаа айып аянтчасына токтотулду. Мындан тышкары Абхазия, Армения, Орусия сыяктуу башка өлкөнүн номуру менен жүргөн унаалар боюнча маселе курч болууда. Анткени, алар Кыргызстандын жаранына катталган эмес. Мындай учурда «Коопсуз шаар» алардын эреже бузуусун каттаганы менен, айып пулду кимге жиберүү маселеси суроо бойдон калууда. Анткени алардын ээси Кыргызстандын жараны эмес».

Митингге чыккандар менен жеринде жолугууга чыккан Экономика жана финансы министри, вице-премьер министр Улукбек Кармышаков маселе ЕАЭБ өлкөлөрүнүн деңгээлинде карала турганын билдирди.

«Азыр күч органдарына, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына көрсөтмө берилет. Алар силерди көчөдөн токтотуп, айыпка жыкпайт. Буйруса, бешинчи күнү ЕАЭБ өлкөсүнүн алкагында вице-премьер-министрлер менен видео байланышка чыгабыз. Бул маселени биргеликте карайбыз. Орусия тараптан кетирилген кемчилик бар. Аны ар бир өлкө өз алдынча чече албагандыктан, биримдиктин алкагында карайбыз».

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Жылдызбек Музуратбеков өз оюн ортого салды.

«Маалыматтар боюнча Кыргызстанда Абхазиядан келген 30 миңдей унаа бар. Эмне үчүн абхаз машиналары Кыргызстанга 2017-жылдан бери мыйзамсыз киргизилип келет? Эми биз Кыргызстандан бул унааларды кайра чыгарып сала албайбыз. Талабыбыз: ушуга чейин кирген унааларды атайын убактылуу каттоого коюп берсин. Эл — унааларды каттоо үчүн өзүнчө акча төлөп, катардагы унаалар сыяктуу «Коопсуз шаардын» талаптарына баш ийүүгө даяр. Унаалардын ээлери — карапайым эл. Көпчүлүгү такси кызматтарында иштеп, үй-бүлөсүн баккандар. Басымдуусу күнүмдүк каражат табууда колдонулган эң арзан «Honda Fit», «Alphard», «Honda Stepwgn» үлгүсүндөгү унааларды айдайт».

Жылдызбек Музуратбеков буга катар Кыргызстандын автопаркы сапатсыз унааларга толуп калганын, заманбап жана арзан алуу үчүн башка өлкөлөрдөн унааларды киргизүүгө мүмкүнчүлүк берилиши керектигин кошумчалады.

«4 жылдан бери Кыргызстанга конок катары Абхазиядан унаалар келип жатат. ЕАЭБге мүчө болгондон бери башка мамлекеттерден 2012-2013-жылдан ылдыйкы унааларды ташый албай калдык. Ар жылы жаңы унааларды сатып алганга элдин күчү жетпейт. Эл 2016-жылга чейинки Япониядан келген машиналарга көнүп калды. Алар биринчиден, арзан, экинчиден, сапаттуу, үчүнчүдөн, экологияга зыяны аз. Биздин жолдорубуз да ЕАЭБдин ичиндеги унааларга жооп бербейт. Жолдорубуз начар, ар дайым унааларды жасатып, тетиктерин алмаштырып турушубуз керек болуп жатат. Ошон үчүн Кыргызстандагы жапон унааларын мыйзамдаштырып, жолдо келе жаткан унааларга да шарт түзүп берсе».    

Айта кетчү жагдай, Абхазиядан кирген унаалардын дээрлик бардыгынын рулу оң жагында. Ал эми Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгон 2015-жылдан баштап, оң рулдуу унааларды каттоого тыюу салган. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда бир миллиондон ашык автоунаа бар болсо, анын 188 миңи — оң рулдуу.

Copyright © 2017 Maral FM