Биз менен байланышыңыз

Абхазия президенти нааразычылыктан улам отставкага кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Янв 2020 | 585 | 0

Грузиядан бөлүнүп алган Абхазиянын президенти Раул Хажимба отставкага кетти. Бул тууралуу вице-президент Аслан Барциц маалымдады.

Барциц президент өлкөдөгү тынчтыкты сактоо үчүн ушундай кадамга барганын айтат. Ошондой эле, абалды жөнгө салуу үчүн Орусия президентинин жардамчысы Владислав Сурков Абхазияга келгенин кошумчалады.

Буга чейин Абхазиянын борбору Сухумеде нааразычылык акциясы өтүп, президенттик админстрация имаратын басып алган оппозиция Хажимбанын отставкасын жана жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылган.

10-январда Жогорку сот 2019-жылдын сентябрь айында өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган соң, кийинчерээк БШК жаңы шайлоону 22-мартка белгиледи. Сентябрда өткөн шайлоодо азыркы «президент» Раул Хажимба жеңишке жеткени жарыяланган. Ал эми оппозиция шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тарткан.

Раул Хажимба 2014-жылдын 25-сентябрында Абхазия президенти болуп шайланган. 2019-жылдын 8-сентябрында экинчи турдун жыйынтыгы менен жеңүүчү деп табылган.

2008-жылкы беш күндүк орус-грузин тирешүүсүнөн соң ,8-августта Абхазия Грузиядан бир тараптуу көз карансыздыгын жарыялап алган. Аны Орусия жана Африка менен Түштүк Америкадагы саналуу мамлекеттер гана тааныган. Батыш мамлекеттери жана Грузия тааныган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM