Биз менен байланышыңыз

Ирактын жаңы дайындалган премьер-министри отставкага кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Мар 2020 | 562 | 0

Февраль айынын башында Ирактын премьер-министри болуп дайындалган Мухаммед Тауфик Аляуи кызматынан баш тартты. Анын мындай чечимге келишине парламенттин жаңы өкмөттүк курамын түзө албагандыгы себеп болду.

“Ас-Сумария” телеканалынын маалыматына караганда, 1-мартта парламент өкүлдөрү аз чогулгандыктан,  бул ирет да өкмөттү түзүү ишке ашкан эмес. Аляуи отставкага кетүү арызын Ирактын президенти Бархам Салихке жөнөткөн.

Ирактын буга чейинки өкмөт башчысы Адиль Абдул-Махди узакка созулган нааразычылык акциясынан улам кызматтан кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM