Биз менен байланышыңыз

АКШнын Ирактагы аскердик базасына ракета чабуул жасалды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Апр 2021 | 1101 | 0

Бүгүн, 23-апрелде Ирактын Багдад эл аралык аэропортунун жанындагы АКШ армиясы жайгашкан Жеңиш лагерине ракета менен чабуул жасалды. Бул тууралуу Ирак армиясы маалымдады.

«Багдад аэропортуна жакын жайгашкан АКШнын аскер базасына үч ракета атылды», — деп айтылат маалыматта.

Жабыркагандар жана кыйроолор жөнүндө маалымат жок. Азырынча бир да радикал уюм кол салуу үчүн жоопкерчилик ала элек.

Апрель айынын башында АКШнын Ирактагы аскер базасы ракета менен атылган.

Copyright © 2017 Maral FM