Биз менен байланышыңыз

Баткен: Чек арада абал туруктуу

Кыска кабар | 12 Янв 2020 | 647 | 0

Чек арада азыркы учурда абал туруктуу. Ыкчам кырдаал милиция кызматкерлери тарабынан колго алынып, күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Чек арада жайгашкан аймактарда атайын патрулдар уюштурулуп, жергиликтүү бийлик менен милиция органдары элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Эске сала кетсек, кыргыз-тажик чек арасында 11-январга караган түнү да тажик тараптан ок атылганын жергиликтүү тургундар билдиришкен. Чек арадагы айылда тажик-кыргыз элинин ортосунда тирешүү болуп, тажик тургундары ок атуучу куралдан ок чыгарышкан. Окуя 10-январга караган түнү башталып, таң атканга чейин уланган.

Copyright © 2017 Maral FM