Биз менен байланышыңыз

Ахмедов: Жер берилбегендиктен 4-5 үй-бүлө бир тамда чогуу жашап жатышат

Кыска кабар | 9 Дек 2021 | 755 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Каныбек Ахмедов Баткендеги жер алуу, турак жай куруу маселесин көтөрдү.

Ал Баткенде 1984-жылдан кийин туулган балдардын там салуусуна жер бериле электигин, жергиликтүү тургундар ушул маселени чечип берүүнү бийликтен суранып жатканын айтты.

«Баткен эли суранып жатат. 1984-жылдан кийинки төрөлгөн балдарга там салуу үчүн жер бериле элек. Бүгүнкү күндө бир үйдө үч-беш келин менен чогуу жашап жатышат. Эми алардын алды кыркка чыгып калды. Алар жер берилип үй салынганча 50-60 жашка чыгып калат экенбиз дешүүдө. Ушул маселени да чечип берсеңиздер», — деди Ахмедов.

Ошондой эле ал Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында кургак учук ооруканасы шаардын ортосунда жайгашкандыктан, оору жугуу көбөйүп баратканын белгилеп, мекемени шаардын сыртына көчүрүп берүүнү суранды.

Мындан сырткары ал Баткенде көмүрдүн баасы кымбат бойдон калып, Өзбекстан аркылуу Тажикстанга кетип жатканын айтып, биринчи кезекте жергиликтүү тургундарды көмүр менен камсыз кылууну сунуштады.

Copyright © 2017 Maral FM