Биз менен байланышыңыз

Динара Акулова: Балдар чоңойгончо турмушка  чыкпайм,-деп сөз берген элем…

Мукам үнү менен көпчүлүктүн жүрөгүнөн орун тапкан таланттуу инсан,  Кыргыз Республикасынын  эмгек сиңирген артисти, ырчы Динара Акулова  «Мен жана  мезгил» программасында  конокто болуп,  кызыктуу маек куруп  берди. 

—  Сахнага алгач чыкканда канча  жашта  элеңиз?

— Көп эле жыл болду. Мектепте 8-классты бүткөндөн кийин  эле  баштаганмын. Окуу жайларда  окудум, Токтогул Сатылганов  атындагы  Кыргыз улуттук  филармонияда  иштедим. Баш-аягы, 35 жыл болуп  калды мына ушул  ааламда  жүргөнүмө.  Окуп жүргөндө «Жылдыз» деген ансамблда  болчумун. Булардын  өзгөчөлүгү  балдар ырдап, кыздар музыкалык инструментте  ойночу. Бир солист бала  жана  төрт кыз болчубуз. Аталган ансамбль менен гастролго чыккан күндөр болгон.

— Балалыгыңыз тууралуу айтып бериңиз?

— Мен энемдин жалгыз кызы болчумун. Агам армияга кеткен. Улгайып калган энемдин  кыбырап, тамак  жасаганын  көрүп, аяп, баардык  жумуштарды  өзүм кылчумун.  Күн алыстан  конок  келип ,  бир дагы  мүнөт бош  болчу  эмес. Кээ бир учурда бош убакыт болсо «эне, көчөгө чыгып, ойноп келейинчи»деп сурансам, «Бошогон кезде  башка  үйрөнө турган  иштер  бар, муну — тигини кыл, көчөдө сага  эмне  бар?!”деп отургузуп алып, шырдак  шырыганды, кийиз ойгонду, сүрөт тартканды  үйрөтчү. Дайыма «Акчанын  артынан куубай, буларды үйрөнүп алсаң кор болбойсуң»деп айтканы эсимде.  Кийин ойлосом, абдан  туура  айткан. Шаарга  келгенде  эч кимди  тааныбайм, жатаканада  жашап, студент болуп  жүргөн кезде  сабактан  сырткары  токуп, акча кылчумун. Бактылуу  балалык  жакшы өткөн, азыркы шаардын балдары  мектепке тур десең  уктайт, түндөп интернетте олтурат, кылган  иши же  пайдасы  жок. Мен бактылуу  балалык  деп  эсептей албайм мындай  көрүнүштү.


Клара Алибекова: «Сага көз тийгенби?”-деп көп сурашат»


— Тайэнеңиздин  колунда  чоңойгон экенсиз?

— Ооба, колу уз адам болчу.

— Жалгыз бой эне үчүн  балдарды   тарбиялоо   кыйын эле болсо керек?

— Өзүң кандай тарбия алсаң, балдарды  дагы  ошондой тарбиялайт экенсиң. Мен улуу кызымды  аябай катуу тарбияладым, ал  эми  экинчи кызым Малика Дина  чыгармачылык жолунда.  Кызы Айлун менин  колумда  тарбия алып  жатат.  Баланы эч убакта  жата  берсин  дебеш керек. Дайыма  жетелеп  жүрүп, үйрөтүш керек.

-Адамга жалгыздык жарашпайт дейт эмеспи, эмне себептен  кайра  турмушка  чыккан  жоксуз?

— Менден коркот, балким,  мен сүрдүүмүнбү, же атактуу болгонум үчүнбү? Алыстан, радио, телевидениеден сүйүүлөрүн  билдириши мүмкүн, бирок  алдыма  келип айта элек.  Учурунда коркуп, өзүмө “балдар  чоңойгончо турмушка  чыкпайм” деп сөз дагы бергенмин. Ушунчалык жүрөгүм сүйүүдөн үшүп калган.  Эгер кичине  болсо  дагы  жылуу сезим болгондо анда  турмушка  эчак эле  чыгып  кетмекмин.

— Сахна сиз  үчүн?

— Сахна – мен үчүн жашоо.


Гүлжигит Сатыбеков: Жакында той берсек деп жатабыз


 —Атак-даңктын пайдасы жана зыяны кандай?

— Атак-даңк  баарына бирдей бериле бербейт.  Жараткандан  талант  берилет  экен.  Ошону  өстүрүп, аздектеп  багып алуу керек. Эгер  талантты  баалай  албасаң, анда  ал адам жаман жолго түшүп кетет. Атактуулукка жеткенден  кийин  өзүңдү алып жүрүүнү үйрөнөсүң, ашыкча сүйлөбөш керек.

— Сахна  адам  тандайбы?

— Аябай тандайт, сахнаны алдоо кыйын.

— Динара  айым, сизге  чоң рахмат.  Чыгармачылык  ийгилик каалайм.

— Рахмат, бар болгула!


Гүлшайыр Садыбакасова: «Кыргызстанда №1 таенемин»


Copyright © 2017 Maral FM