Биз менен байланышыңыз

Клара Алибекова: «Сага көз тийгенби?”-деп көп сурашат»

Учурунда «Кыргызымдын  жигиттери», «Классташым» аттуу  ырлар менен  таанылган, азыркы кезге чейин  чыгармачылыктын жолунда  жүргөн ырчы  айым Клара Алибекова  «Марал шоу» программасынын  кадырлуу коногу  болду.

-Клара айым, чыгармачылыктан алыстап кеттиниз?

-Биротоло  алыстап  кеткен  жокмун. Бирок жашоо-шартка  байланыштуу чыгармачылыкта  тыныгуу  болуп  калды. Азыр жаңы ырлардын үстүндө  иштеп жатам. Клип тарттырууга  болсо каражат керек экен.

-Ырчы Сайкал Садыбакасованы сизге көп окшоштурушат?

-Ооба, аны мен Сайкал кичинекей кезинде эле байкагам. Көп окшоштурушат. Жаш курагымда  гастролдоп чыкканда Гүлшайыр  Садыбакасова эжебиздин үйүнө барып калчу элек. Ошондо Сайкал 3 жашта  болчу. Ак бантик тагып алып, так секирип ойноп жүрчү. Ошондо окшоштук бар экенин  байкагам (күлүп).

-Мурдагы Клара Алибекова өзгөрүлдүбү?

-Жаш кезимде тарсылдаган  кыз  болчумун. Анан арадан көп жыл өттү. Азыр назик болуп, көп сүйлөбөй калдым. «Сага эмне болгон, көз тийгенби?»- деген суроону көп беришет. Той-топурга дагы барып калсам, тааныштарым: «Жаңы ырларды, клиптерди күтөбүз сизден», — деп айтып калышат. Чыгармачыл адам  болгондон кийин ал жактан дагы кете албайт экенбиз. Буюрса, аракет кылып жатам.

-Ушул убакыт аралыгында эмнеден чарчадыңыз?

-Ар бир  адамда  көйгөй болот. Жашоомдо ысык- суук  күндөр, түйшүктөр болду. «Кой, Клара, чыда, бул күндөр дагы  өтүп кетет» деп, өзүмдү ушул убакытка чейин алдап  жашап келем.  Анан ден соолугумду дагы чыңдап жатам. Буюрса, алдыга койгон пландарым  чоң.

-Чоң рахмат, маегиңизге! Сизге күч-кубат  каалайбыз. Жаңы клип, ырларды күтөбүз.

-«Марал» радиосуна  ыраазычылык билдирем. Жылуу сөздөрүңүзгө рахмат!

 

Copyright © 2017 Maral FM