Биз менен байланышыңыз

“Мекен” тасмасы кеткен чыгымды актай алдыбы?  

Кыска кабар , Шоу-бизнес | 8 Сен 2020 | 903 | 0

Мекенди сүйүүгө үгүттөп, коррупция менен күрөшүүнү чагылдырган “Мекен”тасмасы коомчулукта катуу талкууга алынып, кинотеатрлардан коюуга тыюу салынгандыктан, тасма жаратуучулар элден акчалай жардам сурашкан. Аталган кинонун жарык көргөнүнө бир айдан ашык убакыт болду. Ушул аралыктын ичинде канча акча каражаты чогулганын кинонун продюсери Бектемир Мамаюсупов “Марал” радиосуна айтып берди:

—  Азырынча  чыгымдын 20% гана чогулду. Ошону биз 1-2 миң доллардан таратып бердик. Бизде карыз аябай  көп. Ошого аз-аздан болсо дагы,  бөлүп берип жатабыз. Эми орус тилинде үн коштоп чыгаралы деген пландар бар. Анткени, акча чогултуу максатында коңшу Казакстан мамлекетине дагы көрсөтөлү деп турабыз. Кыргызстандан чоң  суммадагы акча чогулган жок. Ал эми бул  аталган кинону тартуу иштерине жалпы жүз миң доллар сарптаганбыз.

Эске салсак, Маданият министрлиги ”Мекен”тасмасын экранга чыгарууга уруксат берген эмес. Атайын төрт-беш жолу комиссия  түзүлүп, кинодогу терс кадрларды байкап, каршы болушкан.  Бул  тасма 31-июлда саат 20:00дө Ютуб каналдарынын бирине жарыяланып, аз убакыттын ичинде бир миллиондон ашык көрүү топтогон.

Copyright © 2017 Maral FM