Биз менен байланышыңыз

Алып баруучу Максат Довранов үйлөнөт

Алып баруучу, тамада  Максат Доврановдун буга чейин социалдык тармактарда бейтааныш кыз менен жанаша түшкөн сүрөттөрү жарыяланып, интернет колдонуучулардын кызыгуусун арттырды. Көпчүлүктүн көңүлүн бурган сүрөт тууралуу  алып баруучу төмөнкүлөргө токтолду:

— Буюрса, өмүрлүк жубайымды таптым десем болот. Аты-жөнү, кайсыл жактан экендиги сыр болуп турсун. Ал эми жашы жыйырмада. Социалдык тармактан буга чейин сүйүктүүм өзү кат жазып  жүргөн. Кийин көрүп калып, менде  дагы  сезим ойгонду. Карантин бүтүп, чек ара  ачылса той болот,- деди алып баруучу.

Copyright © 2017 Maral FM