Биз менен байланышыңыз

Белгилүү стилист Александр Шевчук каза болду

Кыска кабар , Шоу-бизнес | 25 Янв 2021 | 1862 | 0

КМШ өлкөлөрүндөгү атактуу жылдыздардын көбүнө стилист болгон модельер Александр Шевчук 55 жашында көз жумду.

Латвиянын эл артисти Лайма Вайкуле «Инстаграмдагы» баракчасына Александр Шевчук менен бирге түшкөн сүрөтүн жүктөп, эскерүү жазды.

«Бул адам менин эң биринчи стилистим болгон. Экөөбүздүн жашырбай айта турган тарыхыбыз бар. Келечекке койгон чоң пландарыбызды ишке ашыра албай калдык, эми ал биздин арабызда жок», — деди ал.

Белгилүү стилисттин каза табуусунун так себеби азырынча айтыла элек. Бирок өткөн жылдын октябрь айында ал вирустун жаңы түрү менен катуу ооруганын, ден соолугунда көйгөй бар экенин «Инстаграм» баракчасына жазган эле.

«Мен оорудан кийинмин! Дүйнөдө башка көптөгөн оорулар бар. Коронавирус менен ооруган эмесмин. Бирок, мен ал оору жөнүндө билем. Айрым досторум да ооруп, айыгып кетишти. Айрымдары айыкпай калышты…  Баарынан да сени курчап тургандардын баарлашууну токтотуп, чалууларга жооп бербей, баш тартканына таң калам! Эл-журт, ойгонгула, жардам бергиле жана колдогула, анткени сен алардын ордунда боло аласың», — деген болчу ал.

Александр Шевчук 1966-жылы Украинанын Уман шаарында туулган. Атактуулук алып келген карьерасын 28 жашында баштаган. Ал Алла Пугачёва, Филипп Киркоров, Лариса Долина, Людмила Гурченко, Лайма Вайкуле, Татьяна Овсиенко сыяктуу бир катар советтик жана дүйнөлүк эстрада жылдыздары менен сахналык кийимдерин тандоо, гримденүү боюнча иштешип келген. Ошондой эле ал «Муз доору», «Жылдыздар фабрикасы», «Кош жылдыз», «Фактор» сыяктуу телекөрсөтүүлөрдө, көптөгөн спектаклдерде кызмат көрсөткөн. Мындан тышкары Орусиянын Биринчи каналында чыгып келген «Модный приговор» көрсөтүүсүндө туруктуу эксперт болуп турган.

Copyright © 2017 Maral FM