Биз менен байланышыңыз

Гүлнара Тойгонбаева: Жалгыздыкты эмгек менен жеңип келем

«Адам баласы дайыма жакшы маанайда жүрүшү керек» деген ураан менен жашап, эс алууну билбеген эмгекчил инсан, күлкүсү таш жарган, кабагы жарык таланттуу ырчы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева «Мен жана мезгил» программасынын кезектеги коногу болду. Анда эмесе, таланттын жан дүйнөсүн ачкан маекти назарыңыздарга сунуштайбыз.

Чыгармачылыгыма тыныгуу жасадым

Азыркы учурда  чыгармачылыгыма эс алуу киргиздим. Анткени бардык оюм, идеяларым мындан 6 жыл мурун түптөлгөн «KGтай» балдар долбооруна жумшалып жатат (күлүп). Долбоордун түптөлүү тарыхына токтолсом, режиссер Нурлан Асанбеков мындан бир топ жыл мурун: «Гүлнара, Россиянын «Утренняя звезда» деген долбоору бар го, Игорь Николаев алып барган, ошондой бир сонун долбоор ачсаң, сага абдан жарашат болуш керек. Анткени «Күлүп кой» деген ырың менен балдарга жакын болуп калдың», — деп калды. Анан мен да чындыгында эле ачсам болчудай экен деп, ичимден ой багып жүрдүм. Кийин бул балдарга арналган теледолбоор болуп жаралып, көпчүлүктөрдүн, өзгөчө ата-энелердин ыраазычылыктарын алды десем жаңылышпайм. Кийин чыгармачылыкты өнүктүрүү борборун ачтым.

Бардык тараптан үлгүлүү кыз болгом

Балалык учурда баары абдан сонун да. Ал кезде мен абдан үлгүлүү октябрят, активдүү пионер, жалындуу комсомол болдум (күлүп). Аксы районунун Кербен шаарында төрөлүп, Ж. Бөкөнбаев атындагы мектепте окудум. Апам ошол мектепте мугалим болчу. Дайыма көзөмөлдөп тургандыктанбы, айтор окууну жакшы аяктадым. Спорт тармагын таарынткан жокмун, ар кандай олимпиадаларга катышып, ырдап да жүрдүм. Башынан менде ырчы болом деген кыял жашачу. Ал кезде белгилүү жылдыздар аз болчу. Биз билгенден Алла Пугачева, София Ротару бар эле. Алардын ырын үйрөнүп, байкем гитара чертип, үй-бүлөмө ырдап берчүмүн. Бирок, ата-энем талантыма каршы чыккан. Туугандар арасында таланттуу инсандар да болгон. Атам комуз чертип калчу.

Фрунзе ичимдеги багылган талантты ачты

17 жашымда шаарды көздөй жөнөдүм. Фрунзеге келип, Политехникалык институтка инженерликке тапшырдым. Курулуш боюнча инженер-экономист адистигин бүтүп, колума диплом алдым. Бирок бул тармакта иштеген жокмун. Анткени мен окууну аяктап жатканда, СССР тарап кетип, жумуш табылбай калды. Ошондо гана мага ырчылыкты өркүндөтүүгө шанс болду. Чыгармачылыкка студент кезде эле киришип, көптөгөн фестивалдарга катышып жүрдүм. Ошол кезде чыгармачылыгыма көмөктөшкөн жетекчилеримдин бири Александр Белянкин болду. Азыр көпчүлүгүнүн көзү өтүп кетти. Талантымды баалап, вокал жагынан сабак берген Рафаель Сарлыков болгон. Ушул инсан чоң сахнага жол ачып берген. 1990-жылдардын башында Тарас Асанакуновдун «Энекем», кийин «Ошский базар» деген шок ыр менен популярдуу болгом.

Ырчылыктан сырткары таланттарым көп

Эл биле элек таланттарымдан айтсам, тамактын түрүн даамдуу жасайм, чач тегиздеп, кыркам. Бул өнөрүмдү карантин учурунда өркүндөтүп, жакындарымдын чачын тегиздеп жаттым (күлүп). Спорт тармагынан волейбол ойнойм. Адам баласы өзүн өнүктүрүшү керек. Мен өзүмө мотиватормун. Мени дайыма кармап турган жөлөгүм — кызым Күнай, азыр 10 жашка чыгып калды.

Copyright © 2017 Maral FM